Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:50

«Кызыл жарым ай» коомунун Баткен облустук комитетинде жаңы долбоор иштей баштады


БАТКЕН. «Кызыл жарым ай» коомунун Баткен облустук комитетинде «Мина коркунучун калкка түшүндүрүү» аттуу жаңы долбоор иштей баштады. «Кызыл жарым ай» коомунун облустук комитетинин төрагасы Куттугалим Миталиповдон 13-февралда алынган маалыматка караганда, бул жаңы долбоор негизинен Өзбекстанга чектеш айылдардын калкына мина коркунучу жана андан сактануунун жолдору жөнүндө маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү. Анткени облус калкты акыркы 4-5 жылдан бери чек ара аймактарына Өзбекстан тараптан коюлган миналардан бир топ жабыр тартып келет. Буга мина жана анын жарылышы жөнүндө элдин түшүнүгү жоктугу да себеп болууда. Аталган долбоордун кызматкерлери учурда Өзбекстандын Сох анклавынын тегерегиндеги кыргыз айылдарындагы мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле жакын арада бул багытта китепчелер, плакаттар чыгарылып, мина көмүлгөн жерлерге атайын көрнөктөр коюлмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG