Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Кыргызстанга «Рейд Голуаз» аттуу экстремалдык мелдештин дүйнөлүк чемпионаты болот


БИШКЕК. Ушул жылдын 10-июнунан баштап Кыргызстанда мультиспорт жана экстремалдык мелдештер боюнча «Рейд Голуаз» аттуу дүйнөлүк чемпионаттын финалы болот. Тоолуу аймактарда чокуларга чыгуу, шар аккан сууларда сүзүү, парашюттан секирүү жана спорттун башка түрлөрү боюнча мелдештерди өзүнө камтыган бул чемпионаттын Кыргызстанда 12-баскычы болот. Анда мелдеш Кыргызстандын Тяньшань тоолору боюнча 900 чакырымдык аймакта жана деңиз деңгээлинен 4400 метр бийик жерлерде болот. Дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн келген 30 команданын жарышка түшкөн мүчөлөрү бул аралыкты 9-10 күн ичинде басып өтүшү керек. Жарыштын жүрүшү дүйнөнүн 14 тилинде радио, теле аркылуу түз берилип, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга кеңири шарт түзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG