Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Аксы районунун жетекчилиги Өзбекстандын бекеттери аркылуу өтчү жолдорго шагыл тосмолорду төктүрдү


БИШКЕК. 13-февралда Жалалабад облусунун Аксы районунун жетекчилиги Өзбекстандын бекеттери аркылуу өтчү жолдорго шагыл тосмолорду төктүрдү. Шагыл тосмолор Өзбекстандын бажы жана чек ара бекеттеринин кириш-чыгыш жактарына коюлду. Натыйжада кыргыз жүргүнчүлөрү өзбек аймагы аркылуу өтө албагандай эле, Өзбекстандын унаа каражаттары да кыргыз жолдоруна чыга албай калды. Шагыл тосмолорду алып салуу өтүнүчү менен Аксы райондук бийлигине кайрылган Өзбестандын Чартак районунун ички иштер бөлүм башчысынын сунушу колдоо тапкан жок. Район акими Абдималик Эгембердиев ага шагыл тосмолор өзбек бажы жана чек ара бекеттери ачылса гана алынып салына тургандыгын түшүндүрдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG