Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Кыргыз өкмөтү 2002-жылдын жыйынтыгын чыгарды


БИШКЕК. 13-февралда өкмөттүн кеңейтилген жыйыны болуп, анда 2002-жылдагы социалдык-экономикалык өсүштүн жыйынтыгы чыгарылып, 2003-жылдагы милдеттер аныкталды. Жыйында доклад жасаган финансы министри Болот Абилдаевдин маалыматына караганда, 2002- жылдагы экономикалык өсүштүн көлөмү «4,7% болот» деп индикативдик планда көрсөтүлгөн чекке жеткен жок. Буга биринчи жарым жылдыкта өндүрүш көлөмүнүн кызмат көрсөтүүдөн башка тармактардын бардыгында төмөндөшү башкы себеп болду. Бирок экинчи жарым жылдыкта «Кумтөр» алтын кениндеги аварияга карабастан ички дүң продукциянын төмөндөшү токтотулуп, жылдын акырында реалдуу өсүш 2001-жылга салыштырмалуу 99,5% түздү. Ал эми 2003- жылы Жакырчылыкты басаңдатуу боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруу өкмөттүн негизги иш багыты катары белгиленип, «экономикалык өсүштүн көлөмү 5,8% кем болбосун» деген чек коюлду.

XS
SM
MD
LG