Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

БЫЙЫЛ ИЧКИ ДҮҢ ПРОДУКТУНУН ӨСҮШ ТЕМПИ 5,8% КЕМ БОЛБОЙТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Референдумга байланыштуу кийинкиге жылдырылып келген өкмөт жыйыны 13-феврлда болуп өтүп, анда 2002-жылдын жыйынтыгы чыгарылды жана 2003-жылдын милдеттери аныкталды. Өкмөт быйыл ички дүң продуктыны кеминде 5,8% көбөйтүүнү көздөйт. Премьер-министр Николай Танаев муну реалдуу деп эсептейт. Өкмөт ушул күнү өткөргөн өз жыйынында жазгы талаа иштерине даярдык жөнүндө маселени да карады.

Өкмөт жыйынын күн тартибине коюлган биринчи маселе боюнча доклад жасаган финансы министри Болот Абилдаев 2002-жылы инфляция 2,3% түзүп, ал мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөн болгондугун, сомдун курсу орто эсеп менен 1 доллар 46 сом 90 тыйынды түзүп, ал жыл ичинде 3,4% жогорулагандыгын билдирди. Коммерциялык банктардын кредиттик ставкасы болсо 30,2% түзүп, 6,2% төмөндөгөн. Бул реалдуу секторду финансылоо маселесин чечүүгө жасалган бир кадам болуп эсептелет. 2002-жылдын декабрында коммерциялык банктардын кредиттик портфели 20 млрд. сомго жетип, 33% өскөн.

- Мен келтирген ушул маалыматтар өткөн жылы макроэкономикалык стабилдүүлүктү чыңдоо жана банк секторун жандандыруу маселелери ийгиликтүү ишке ашырылгандыгын билдирет. Бирок экономиканын айрым секторлорунда абал кыйын болуп, мурда белгиленген ички дүң продуктуну 4,7% ке көбөйтүү тууралуу план ишке ашпай калды, - деди Болот Абилдаев.

Анын айтымында жылдын биринчи жарымы жаман болуп, экинчи жарым жылдыкта гана ички дүң продуктунун төмөндөө тенденциясы токтотулган. Финансы министри ички дүң продуктунун төмөндөп кетишинин себебин Кумтөр алтын кениндеги авария, кошуна өлкөлөрдүн электр энергиясын жылдагыдан аз сатып алышы жана аткезчиликтин өсүп кетишинин натыйжасында нефти өндүрүүчү ишканалардын жакшы иштей албагандыгы менен түшүндүрдү.

Өкмөт жыйынында өндүрүлгөн продукцияны сатып өткөрүү проблемасы өтө курч коюлду. Өкмөт башчысынын айтымында азыр өлкөнүн кампаларында 6 млрд. сомдук товар жыйылып өтпөй турат. Орусия жана башка өлкөлөр менен соода байланыштарын тезинен чыңдоо зарылчылдыгын Николай Танаев да, чыгып сүйлөгөн башка өкмөт мүчөлөрү да баса белгилешти. Алар өз сөздөрүндө кошумча рынокту издөө боюнча конкреттүү чаралар көрүлбөсө Кыргызстандын быйылкы жылга коюлган максаты ишке ашпай калышы мүмкүн экендигин айтышты.

Өкмөт 2003- жылы ички дүң продуктунун өсүш темпи 5,8% кем болбойт деп ойлойт. Өнөр жай продукциясынын 9,6%, айыл чарба продукциясынын 5,1% өсүшү болжолдонуп жатат. Бул үчүн, өкмөт башчысынын айтымында, ишканалардын кубаттуулугу жетиштүү.

Николай Танаев инвестиция маселесине да токтолуп, «мурда бул боюнча кабыл алынган матрица быйылтадан баштап өз жемишин бере башташ керек» деди. Ал губернаторлорго алардын ар бири өз облусуна 10 млн. доллардан инвестиция тартуусу тууралуу тапшырма берди. Бул маселе боюнча кабыл алынган токтомдо айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүш үчүн маркетинг борборун түзүү, экспорт жасаган ишканаларга колдоо көрсөтүү, тоо-кен жана металлургия тармагын өнүктүрүүнүн 2010–жылга чейинки планын иштеп чыгуу, токтоп турган жана жарым-жартылай иштеп жаткан ишканалардын абалына анализ жасап, аларды жандандыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, айрым товарлардын бажы тарифтерин ЕврАзЭСке кирген өлкөлөрдүкүндөй кылып 30% жогорулатуу, аткезчиликти азайтыш үчүн бажы контролун күчөтүү жана ишканалардан бажы төлөмдөрүн толук өндүрүү, көмүр казуу тармагына жардам берүү жана башка бир топ конкреттүү иш-чаралар көрсөтүлдү.

Жыйындын күн тартибиндеги 2-маселе – жазгы талаа иштерине даярдык маселеси боюнча маалыматты айыл жана суу чарба министри Александр Костюк берип, ал өлкө азыр эгинден башка өсүмдүктөрдүн үрөнү менен толук камсыз экендигин билдирди. Анын айтымында, буудайдын үрөнү 6 миң тоннага (17%) жетпейт. Арпанын үрөнү болсо 3 миң тоннага (21%) аз. Жыйында күйүүчү май менен камсыз кылууда жана техникаларды ремонттон өткөрүүдө көп мүчүлүштөр бар экендиги айтылды. Мисалы, азыр жазга аз убакыт калган мезгилде (түштүк региондорунун губернаторлору «жерди айдай баштаса болот» дешти) тракторлордун 67% гана, соколордун 68% жана үрөн себүүчү техникалардын 58% гана ремонттон өткөрүлгөн. Талаа иштерине керектүү дизел майынын 19% гана ташып келинген. Бирок жыйында кептин баары акчада экени, эгер дыйкандардын сатып алаар акчасы болсо, күйүүчү майды ташып келчүлөр четтен чыгаары айтылды. Ошондуктан өкмөт Айыл чарба финансы корпорациясына дыйкандарга кредит берүүнү ыкчамдатуу тууралуу сунуш менен кайрылды. Жазгы талаа иштерине даярдыкты күчөтүү максатында премьер-министр Николай Танаев жетектеген штаб түзүлдү.

XS
SM
MD
LG