Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Кыргызстандын премьер-министри Орусиянын өкмөттүк делегациясын кабыл алды


БИШКЕК. Жума күнү Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев Орусиянын эмгек жана социалдык коргоо министринин биринчи орун басары Юрий Люблин, Пенсиялык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Александр Куртин, Пенсиялык жана социалдык фонддор ассоциациясынын директору Евгений Аметов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуулардын соңунда Кыргызстандын Социалдык фонду менен Орусиянын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин, Социалдык фондунун ортосундагы кызматташтык тууралуу протоколго жана Социалдык фонддун Бишкек шаардык башкармалыгы менен Орусиянын Москва шаардык Пенсиялык фондунун ортосундагы кызматташтык боюнча келишимге кол коюлду.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG