Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Ички иштер органдарынын кызматкерлери массалык баш-аламандыкка каршы күрөшүү боюнча машыгуу өткөрүшөт


БИШКЕК. 15-февралда Бишкек шаарынын четинде Ички иштер министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери «Калкан» жана «Чагылган» аттуу командалык-штабдык окуу өткөрүшөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов кабарлады. Анын айтымында, аталган иш-чара өлкөдөгү коомдук тартипти бузуудан жана массалык баш-аламандыктан улам келип чыккан күтүүсүз кырдаалдар учурунда аракеттенүү жагынан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин адистигин арттырууга багытталган. Аталган иш-чаранын алкагында барымтага алынган адамдарды бошотуу, куралдуу кылмышкерлер менен күрөшүү боюнча машыгуулар өткөрүлөт. Ж. Бусурманкуловдун сөзү боюнча, ушундай эле иш-чаралар жакынкы күндөрү республиканын башка облустарында да өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG