Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:55

«Арнамыс» партиясынын саясий кеңеши Конституциялык Сотко арыз жолдоду


БИШКЕК. Жума күнү «Арнамыс» партиясынын саясий кеңеши Кыргызстандын Конституциялык Сотунун төрайымы Чолпон Баековага арыз жолдоду. Анда партия өкүлдөрү учурда Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында жаткан Элдик Конгресстин төрагасы Феликс Куловдун мындан бир нече ай мурда Конституциялык Сотко жолдогон арызын жакын арада кароону өтүнүшкөн. Ушундай эле арыз менен партия мүчөлөрү Кыргызстандын Акыйкатчысына арыз жолдошуп, Ф. Куловдун Жогорку Сотко жолдогон арызынын адилеттүү каралышына таасир көрсөтүүнү суранышкан.
Феликс Кулов 2000-жылдын 7-августунда Бишкек гарнизондук соту тарабынын толук акталган. Бирок Бишкек гарнизондук сотунун андагы чечимин 2000-жылдын 11-сентябрында Кыргызстандын Аскердик соту жокко чыгарган. Натыйжада 2001-жылдын 22-январында Бишкек гарнизондук соту кайрадан Ф. Куловду 7 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Соттун мындай чечимине нааразы болгон Ф. Кулов адегенде Жогорку Сотко, кийин Конституциялык Сотко арыз жолдогон. Конституциялык Соттун судьясы Асылбек Кенесариевдин «Азаттыктын» кабарчысына берген маалыматы боюнча, Феликс Куловго байланыштуу башка сот жараяндары бүтмөйүнчө анын Конституциялык Сотко жолдогон арызы каралбайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG