Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Оппозициялык саясатчылар суракка алынууда


БИШКЕК. 14-февралда Референдумга көзөмөл кылуучу коомдук штабдын башчысы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев «адам уурдалды» деген арыздын негизинде ачылган кылмыш иши боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакыртылды. Буга чейин аталган коомдук штабдын төрагасынын орун басарлары Жыпар Жекшеев менен Эмил Алиев сурак беришкен. Эмил Алиевдин «Азаттыктын» кабарчысына берген маалыматына караганда, аткаруу бийлик өкүлдөрү коомдук штабдын референдумдагы мыйзам бузуулар тууралуу чогулткан фактыларын коомчулукка тараттырбаш үчүн жогорудагыдай аракеттерге барууда.
Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, мындай иш-чараны саясат менен байланыштырыш туура эмес. Жогоруда аттары аталган саясатчылар милиция кызматкерлерине 2-февралда түшкөн «адам уурдалды» деген арыздын негизинде суракка алынууда.

XS
SM
MD
LG