Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

АКШнын жана Орусиянын Кыргызстандагы элчиликтери Ирактагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратышты


БИШКЕК. Ирактагы кырдаал боюнча 13-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О Киф билдирүү таратты. Өз билдирүүсүндө америкалык дипломат «тынчтык жеңеби же дүйнө коомчулугу кагылышуулардын жаңы толкунуна тартылабы - бул суроого бир гана адам - Ирактагы Саддам Хусейн гана жооп бере алат» деп белгилеген. Элчинин пикири боюнча, азыр Ирак инспекторлор менен астейдил кызматташпастан, өзүнүн массалык кыргын салуучу куралдарын жашырып жатат. «Эгер Ирак Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясындагы милдеттенмелерди аткарбаса, АКШ коалициянын тутумуна биригип жаткан мамлекеттер менен бирге Ирак режимин куралсыздандыруу жана бекем тынчтык орнотуш үчүн бардык зарыл аракеттерди жасайт. Ирактын 1441-резолюцияны аткаруудан баш тартышына байланыштуу аракеттерди көрбөй коюу кийинки трагедияга өбөлгө түзөт», дейт Жон О Киф.
Ирактагы кырдаалга көз карашын Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да билдирди. Анда элчилик Ирак дүйнө алдында өз жоопкерчилигин сезиши керектигин баса көрсөтүп, бирок, кырдаалды согушсуз жөнгө салуунун жолдору али бар экенин белгилеген. Көз карашын 14 пункт менен негиздеген билдирүүсүн Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги жума күнү таратты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG