Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Баткенде кыргыз-өзбек чек арасына коюлган миналарга байланыштуу маселелер талкууланды


БАТКЕН. Баткендеги «тегерек үстөлдө» Өзбекстан тарабынан кыргыз-өзбек чек арасына коюлган миналардын тегерегиндеги маселелер талкууланды. «Кызыл жарым ай» коомунун облустук комитети уюштурган бул жыйынга облустук жарандык коргонуу штабынын, Чек ара кызматынын, укук коргоо жана саламаттык сактоо тармактарынын өкүлдөрү катышты. Талкууда Өзбекстан тарабынан чек арага коюлган миналардан улам пайда болгон олуттуу проблемалар, алардын жергиликтүү калкка тийгизип жаткан залакасына байланышкан маселелер козголду. Аталган долбоор элге минадан сактануунун жолдорун түшүндүрүп, кокустан болчу жарылуулардын алдын алуу максатын көздөйт.
Өзбекстан тарабынан кыргыз-өзбек чек арасына орноткон миналар 1999-жылдан бери 11 жолу жарылыш, анын кесепетинен Баткен облусунун 3 тургуну оор жарат алып, бирөөсү каза тапкан. Ошондой эле облустун калкы бир канча малынан ажырап, жалпысынан 5 миллион сомго жакын чыгым тарткан.

XS
SM
MD
LG