Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

«УЛУТТУК ДЕМОКРАТИЯЛЫК ФОНДДУ» УЮШТУРУУНУН МАКСАТЫ ЭМНЕ?


2-февралдагы референдумдан кийин оппозициялык маанайдагы саясий ишмерлер Өмүрбек Текебаев, Эмил Алиев жана Төлөкан Исмаилова «Улуттук демократиялык фонд» түзүү чечимине келишти. Бул фондду түзүү максаты тууралуу Өмүрбек Текебаев кеп салып берди.

- Өмүрбек мырза, «Улуттук демократиялык фондду» түзүү тууралуу чечим кабыл алынды деп кабарладыңыздар. Аны түзүүнүн максаты эмне?

- Бул фондду түзүүгө жакындагы референдум абдан чоң түрткү берди. Бул 2-февралдагы референдумда мурунку мезгилге салыштырмалуу Кыргызстанда жарандык коомдун институтуттары пайда болуп, өсүп калганын көрдүк. Мурдагы референдумда эл мынчалык көтөрүлүп, миңдеген адамдарды бүткүл Кыргызстанга байкоочу кылып жибере алган эмес. Бул жолу ар кандай багыттагы коомдук, саясий уюмдар биригип, референдумду өткөрүүдө мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөөгө аракет кылдык. Мен баса белгилегим келет - аракет гана кылдык. Албетте, биз каалагандай болбоду. Бирок, бул аракет Кыргызстан эли ойгонуп, өз тагдыры өз колунда экендигин билишине, өзү жасабаса ага эч ким жасап бербесин түшүнүшүнө салым кошту. Бирок, биздеги жарандык институттар азыркыга чейин өнүгө албай турат. Финансылык-техникалык, методикалык жактан аксаган жактары бар. Ошондуктан биз бул өксүктөрдү азайтуу максатында бардык демократиялык маанайдагы инсандар, юридикалык уюмдар биригип, демократияны өнүктүрүү боюнча «Улуттук демократиялык фондду» түзүүнү сунуштадык. Буга киргенге көптөгөн талапкерлер ниетин билдирүүдө. Биздин фонддун максаты - демократиялык институттарды, өзүн-өзү башкаруу системасын өркүндөтүү, шайлоолорду адилет өткөрүү жана анын калыс өткөрүлүшүн көзөмөлдөө, ошол көзөмөлдү уюштура турган коомдук, саясий уюмдарды бекемдөө. Ошондуктан буга саясий партиялар да кирмекчи. Бизде буга чейин түзүлгөн коалиция, бирикмелерге саясий партиялар кирген эмес. Биз ушул жагыбыз менен айырмаланабыз.

- АКШ баштаган Батыш мамлекеттеринин «Кыргызстанга бөлүнгөн каражаттын кайсы бир бөлүгү, дал ушул жарандык институттарды бекемдөөгө, демократияны өнүктүрүүгө берилсин» деген жайы бар. Сиздердин фонд мына ушул бөлүнүп жаткан каражатты координациялап, бөлүүгө аракет жасайбы?

- Биз фонд дегенде сөзсүз эле акча каражатын түшүнбөйбүз. Бул фонд биринчи кезекте интеллектуалдык-тажрыйбалык фонд болушу мүмкүн. Бул жергиликтүү уюмдар, активисттер менен тажрыйба бөлүшүү, методикалык жардам көрсөтүү болушу мүмкүн. Албетте, булардын баары каражат болбосо аткарылбайт. Ошол эле баракчалар, фильмдер, командировкалар акча каражатын талап кылат. Биз азыр өзүбүздүн тапкан каражаттан, кыргызстандык уюмдар берген, фондго кирген уюмдардын өзүнүн каражаты менен иштөөгө аракет кылабыз. Албетте, эл аралык уюмдардын, кээ бир мамлекеттердин демократияны, жарандык коомду өнүктүрүү боюнча программалары бар, ал программалар менен биздеги көптөгөн уюмдар иштеп жатат. Эгер биз ал программаларга кошула турган болсок, өлкөдөгү көптөгөн уюмдардын бири катары кошулуп, келип жаткан жардамды эффективдүү пайдаланганга аракет кылабыз.

- Бул фондду оппозициялык партиялар түзүп жаткандыгына байланыштуу, бийлик тарабынан «оппозицияны чет өлкөлөр каржылап жатат» деген айыптоолорду күткөн жоксузбу?

- Бул фондго оппозициялык маанайдагы демилгечилер кирип жатат. Бирок бул саясий уюм эмес. Демократиялык институттар менен түздөн-түз иштешкен менен, саясий максат койгон уюм болбойт. Бийликтен бирөөнү кетирүү, бирөөнү алып келүү, шайлоого катышуу өндүү максаттарды алдыбызга койбойбуз. Уюмду түзүүнүн саясий максаты бар. Бирок биз түзгөн фонддун берген жардамдары, долбоорлору бүгүнкү же эртеңки бийлик жөнүндө болбостон, демократияны өнүктүрүү, адам укуктарын сактоо максатын көздөп, коррупцияны ооздуктоого, саясатта, экономикада жана башка тармактарда баары үчүн бирдей болгон шартты түзүүгө багытталат.

- Кыргызстанда саясий партиялар болгон менен, алардын каражаты жоктугунан ишмердүүлүгү кенен кулач жая албай келатат. Сиздердин фонд бул маселени чечүүгө аракет жасайбы?

- Жок. Фонд демократиялык институттардын өнүгүшүнө гана түздөн-түз жардам берет. Бүгүнкү бийлик айланасында тирешкен күчтөрдүн бирине да жардам бергенге барбайт. Биздин иштин негизи - баары бир саясат. Бирок бүгүнкү күндөгү «бул кетсин, анын ордуна бул келсин» деген саясат эмес, андан кененирээк маселелер. Мисалы, Шайлоо кодексин өркүндөтүү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасында чече турган маселелерди чечүү, коррупция жана ушуга байланыштуу демократиянын өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткан тоскоолдуктарга каршы күрөштүн жолун калкка көрсөтүү жана ушул маселелерди калктын өзү чече алаарын түшүндүрүп, маселе коюуну аларга үйрөтүү. Биз ушундай жол менен демократиялык режимди түзүүгө аракет кылабыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG