Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:46

ПРЕЗИДЕНТ А. АКАЕВ КЫРГЫЗДАРДЫН ЭКИНЧИ КУРУЛТАЙЫН ӨТКӨРҮҮ ТУУРАЛУУ ЖАРДЫК ЧЫГАРДЫ


2003- жылдын 29-30-августунда Бишкекте бүт дүйнө кыргыздарынын экинчи курултайы болот. Ага негиз берген жардыкка президент Аскар Акаев кол коюп, жер жүзүндө жашаган бардык кыргыздарга кайрылуу менен чыкты.

Президент Аскар Акаев дүйнөдөгү кыргыздарга жолдогон кайрылуусунда экинчи курултайды чакырууга кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын жана Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 12 жылдыгын белгилөө башкы себеп болгондугун билдирди. Экинчи курултайды өткөрүү тууралуу жардыгы менен тутуму 20 адамдан турган уюштуруу комитетин түзүп, аны башкаруу милдетин мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовго тапшырды. Уюштуруу комитетинин өкүлү, президенттик администрациянын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Тынымбек Ормонбековдун 14-февралдагы пресс-конференцияда берген маалыматына караганда, курултайды өткөрүү зарылдыгы 1992-жылдын 29-августунда Бишкекте өткөн биринчи курултайда «ар бир он жылда жалпы кыргыздардын курултайы өткөрүлсүн» деп кабыл алынган чечимден улам пайда болду.

- Биринчи курултай өткөндөн бери 11 жыл болуп, он экинчи жылга кетти. Ал убакта кыргыздар Кыргызстанды жакшы деле билбеген учур эле. Азыр Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн ордун тапты. Биз азыр өз мамлекеттүүлүгүбүздүн 2200 жылдыгын белгилеп жатабыз. Негизги идея «ар бир он жылда кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайы өткөрүлүп турсун» деген чечимди аткаруудан келип чыкты. Анан дагы кыргыздардын баары бири-бири менен жолугуп, кимиси кай жерде кандай жашап жаткандыгын билип туруу биз үчүн абдан кызык, - дейт ал.

Тынымбек Ормонбековдун айтымында, курултайга мамлекеттин казынасынан бир да тыйын чыгымдалбайт. Бардыгы анын демөөрчүлөрүнүн каражатынын эсебинен өткөрүлөт жана чет жерде жашаган кыргыздар курултайга өз каражаттары менен келет. Уюштуруу комитетинин милдети болсо - алардын санын тактап, делегацияларды топтоп, жайгаштыруу. Ал эми курултайдын күн тартибине кандай маселелер коюлат, ага жер-жерлерден канча делегат келет жана ал келечеккке кандай милдеттерди коет - азырынча белгисиз. Тынымбек Ормонбековдун айтымында, уюштуруу комитети бул маселелерди эми иликтөөгө киришет.

Жалпы кыргыздардын экинчи курултайын өткөрүү идеясы улуттук патриоттук сезимди калыптандырууга түрткү болооруна катардагы кыргыз жарандары ынанган менен, «ал мамлекетке жана жалпы элге кандай пайда алып келет?» деген күмөндүү ойго кабылгандар да жок эмес. Алардын бири – «Алыкул Осмоновдун үй-музейи» коомдук бирикмесинин башчысы Памир Казыбаев.

- Кандайдыр-бир иштердин чоо-жайын биргелешип сүйлөшүп, кеңешип алган оң. Акыркы жылдарда биз көп эле кеңештик. Бирок жылыш байкалбайт. Ошон үчүн кыргыздын «аз сөз - саз сөз» деген жакшы сөзүндө айтылгандай, «курултай, референдум» деп отурбай эле ар кимибиз өзүбүздүн колубуздан келген иштерди жасай берсек жакшы болот эле. Курултай эмне берет? Мына быйыл «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы» деп эки өпкөнү асманга үйлөп, мактанып жатабыз. Бул улуттук аң-сезимди көтөргөнгө жакшы. Бирок биз мындан 80 эле жыл мурун болгон тарыхтын баарын унутуп калып жатпайбызбы. Маселен, 1916-жылдагы Үркүн окуясы. 1991-жылы адеп эгемендик алганда демократтар деле, өкмөттөгүлөр деле «Өмүр көчү» деп баштаганбыз. Ошонун баары азыр калып калды. Демократтар да, өкмөттөгүлөр да, президент Аскар Акаев да унутту. Ошон үчүн курултайды коюп мурун айтылган нерселерди аткарсак деген оюм бар, - дейт П. Казыбаев.

Албетте, «курултайды өткөрүү зарыл» деген жарандар да жок эмес. Ал тууралуу өз оюн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Хаджимурат Коркмазов да айтты.

- Бул маселе абдан актуалдуу, биздин мекендештердин пикирлери биз үчүн абдан зарыл. Ошон үчүн курултайды өткөрүү мыйзамдуу, туура жана зарыл деген ойдомун. Анткени, эл эмне ойлойт, эмнени каалайт, эмнеге муктаж экендигин билип, анан ал проблемалар ошого ылайык чечилиши керек. Элдин ой-мүдөөсүн билбей туруп аларды чечүүгө мүмкүн эмес. Ошон үчүн бул курултайды өткөрүүнүн зарылдыгы бар, - деди Хаджимурат Коркмазов.

Ал эми уюштуруу комитетинин мүчөсү Казат Акматов, «биринчи курултайды өткөрүүдө алган сабактар көп, убаралуу иштин жалпы кыргыз элине пайдасы тие тургандай деңгээлде өткөрүш үчүн акыл калчап иш кылуу жана уюштуруу комитети ал үчүн көп иштөөгө тийиш» деген ойдо. Ушундан улам президенттин басма сөз катчысы уюштуруу комитетинин ишинин алгачкы натыйжалары бир жарым айдан кийин гана пайда болорун кабарлады.
XS
SM
MD
LG