Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Сеулда эки корей республикасынын экономикалык байланыштары талкууланды


Түндүк жана Түштүк Кореянын өкмөттүк делегациялары эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулашты. Жолугушууда биргелешкен экономикалык долбоорлор, темир жол, автожол байланыштары, Түндүк Кореяда ири өнөр жай комплексин куруу маселелери сөз болду. Делегаттар апрель айында Пхеньянда кездешип, соода-өнөр жай байланыштарын дагы тереңдетүүнү макулдашышты. Жума күнкү сүйлөшүү аяктаган соң, Түштүк Кореялык 500дөй турист Түндүк Кореядагы эс алуу жайына бет алышты. Өткөн аптада эки улутташ өлкө ортосунда 1945-жылдан бери алгачкы ирет автошоссе ачылган.

XS
SM
MD
LG