Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

Кыргызстанда 1 айдан бери кыргыз-америкалык биргелешкен аскерий машыгуулар өтүүдө


АКШлык атайын аскерлер тобу кыргыз жоокерлерин антитеррордук операцияларга жана тоолуу аймактардагы согуштук тактикага үйрөтүүдө. Кыргызстандын коргоо министрлиги 1 айга чукулдап калган кыргыз-америкалык биргелешкен аскерий машыгуулары келээрки аптада аяктаарын маалымдады. Маалыматка караганда, АКШлык Жашыл беретчендер бөлүгүнүн 10 офицери Ооганстандагы тажрыйбасынан бөлүшүп, 50дөй кыргыз жоокерин Бишкектин түштүк-чыгыш тарабындагы тоолордо атайын машыгуулардан өткөрүүдө. Аларда бийик тоолуу аймактардагы көзгө-атарлар өнөрү, барымтадагыларды бошотуу, курал-жарактардын түрлөрүн ыңгайына жараша колдонуу үйрөтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG