Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Ирактын вице-премьер-министри Тарек Азиз Ватиканда папа Иоанн Павел менен жолугушту


Өзү христиан динин тутунган Ирактын расмий өкүлү Тарек Азиз католик чиркөөсүнүн лидерине Ирактын президенти Саддам Хусейнден кат ала келген. Жолугушуу учурунда Багдаддын өкүлү католиктердин лидерине Ирак курал-жарак боюнча эл аралык инспекторлор менен тыгыз кызматташаарын бекем убада кылды. Анын алдында, Ирактын вице-премьери папа Иоанн Павел жана башка динзарлар АКШнын Иракка каршы "агрессиясын" токтотууга умтулуп жатканын белгилеген болчу. "АКШ Ирактагы инспекторлордун калыс маалыматын уккусу келбей, алардын ишин токтотуп, Багдадга каршы күч колдонууга ашыгууда. Ушунун өзү Американын түпкү максатын айгинелейт", - деди Багдаддын жогорку өкүлү. Католиктердин башчысы башынан эле Ирак согушуна каршы экенин ачык айтып келатат.

XS
SM
MD
LG