Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:45

ТЕРРАКТТАН ҮРӨЙ УЧКАНДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага АКШ менен Британияда мындан бир нече күн мурда жарыяланган чукул кырдаал эрежелери күчүндө кала берүүдө. Вашингтон менен Нью-Йоркто коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Лондондун аэропортун жүздөгөн солдаттар күзөтүп жатышат.

Лондондун Хитроу эл аралык аэропортун бир нече күндөн бери жүздөгөн солдаттар кайтарып жатышат. Коопсуздук чаралары Ливерпуль жана Манчестер аэропортторунда күчөтүлдү. Лондонго бары болуп 17 миң солдат тартылды. Америкада болсо Вашингтондун жана Пентагондун айланасына учактарды атып түшүрө ала турган ракеталар орнотулду. Калкка ыктымал боло турган террордук чабуулдан сактануунун жолдору үйрөтүлүп, бир нече күнгө жеткидей азык-түлүк менен суу камдоо буйрулду. Мындай катаң коопсуздук чаралары АКШ менен Британияда 11- сентябрьдагы террордук кол салуулардан бери көрүлүп көрбөгөн.

Бирок Вашингтондо да, Лондондо да ыктымал боло турган террордук кол салуунун майда-чүйдөсү тууралуу маалымдалбайт. Буга байланыштуу маалымат каражаттарында Ал-Кайыда террорчулары Хитроу аэропортуна учуп бараткан учакты атып түшүргөнгө аракеттениптир деген имиштер тарады. Бирок Британиянын премьер-министри Тони Блэйр бейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө катаң чаралар чалгындоо кызматынын маалыматына таянып, көрүлгөнүн жана айрым саясатчылардын талаптарына карабастан өкмөт азырынча ыктымал жасала турган террордук чабуул жөнүндө кеңири маалымат бере албай турганын билдирди. "Өкмөт террордук уюмдардын аракеттери жөнүндө өзүнө маалым болгон нерселерди ачыктабай жатканын туура түшүнгүлө. Бирок биз элди аман алып калыш үчүн колдон келген бардык нерселерди жасап жатабыз", - деди Блэйр.

Лондондогу Стратегиялык Изилдөөлөр Институтунун терроризм маселелери боюнча эксперти Джонатан Стивенсон АКШ менен Британиянын мындай катаң чаралары Ал-Кайыда ийримдеринин өз ара сүйлөшүүлөрүнөн ири террордук чабуулга карата жасалган даярдыктар соңуна чыгып калганы толук айкын болгон соң, көрүлгөнүн айтат. "Андай кол салуунун негизги себеби Иракка каршы баштала турган согушка байланыштуу болуу керек", - деп кошумчалайт эксперт. Бир топ эксперттер Ал-Кайыда менен Ирактын ортосунда түздөн-түз байланыш бар экенин айтышат жана алардын пикиринде эки шерик азыркы опузасы менен Иракка согуш ачууга даярданып жаткан Вашингтон менен Лондонду коркутуп алгысы келет. Ак Үйдүн өкүлү Ари Флайшер ушул жумада жасаган билдирүүсүндө Усама Бин Ладендин жакында теледен чыгып, сүйлөгөнү Багдат менен дүйнөлүк террорчу уюмдун ортосунда байланыш бар экенин айныксыз тастыктады деген көз карашын айтты.

Айрым маалымат каражаттары болжолдуу террордук чабуулга байланыштуу дүрбөлөң көтөрүү менен Вашингтон менен Лондон Иракка ача турган согушун актагылары келип жатканын айтышат. Бирок терроризм эксперттери мындай пикир менен макул эмес. Ирак менен Ал-Кайыданын өз ара байланышы бар деген божомол Ирак согушунун тарапкерлерин көбөйтө койбойт дешет алар. Лондондук эксперт Стивенсон: "Террорчулардын тымызын аракеттеринин ыкчамдашы, тескерисинче, Ирактагы согуштун натыйжалуулугунан ого бетер күмөндөр кылып, Ирак согушу террорду күчөтөт деген пикирди бекемдейт", - дейт Стивенсон.

Террор коркунучуна байланыштуу киргизилген чукул кырдаал күндөрүндө Британиянын коопсуздук күчтөрү бир нече шектүү кишини камакка алды. Бейшемби күнү кечинде Лондондун Гатуик аэропортунда Колумбиядан учуп келген кишинин жүгүнөн граната табылды. Окуя болоор замат Гатуиктин түндүк терминалы толук эвакуцияланып, бардык аба каттамдар кийинкиге калтырылды. Жума күнү эртең менен Хитроу аэропортунун жанындагы шаарчадан төрт шектүү киши кармалды. Кармалгандардын бары суракка алынып жатат.

Лондогу чукул кырдаал Европалыктарга, өзгөчө британиялыктарга, террорчулар эми Американы эмес, Европаны мээлей турганын айныксыз ырыстады. 11-сентябрьдагы терракттардан соң АКШда антитеррордук чаралар күчөтүлгөндүктөн Америкага чабуул жасоо өтө кыйын болуп калды. Анын үстүнө Ал-Кайыданын Ооганстандагы уюгу кыйратылгандан кийин, террордук уюм жергиликтүү күчтөргө таянууга мажбур болуп калган шекилдүү. Эксперттер Ал-Кайыданын террордук ийримдери Европада жайгашканын жана алар Британияда, Францияда жана Германияда жашаган мусулмандарга таянып жатканын божомолдошот.
XS
SM
MD
LG