Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫН ТАЛАШЫ ЕВРОПАДАН ЧЕЧИЛЕТ


2-февралдагы конституциялык референдумдун жыйынтыгы ушу азыр деле чоң талаштын чордонунда калууда. Калктын басымдуу көпчүлүгү Конституциянын жаңы редакциясын колдоп, президент А. Акаевге 2005-жылга чейин иштөөсүнө макулдук бергенин ырастаган Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтыгы деле талашка чекит койгон жок. Эл аралык уюмдар Башмыйзамдын жаңы редакциясын Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясына караштуу Венеция комиссиясынын экспертизасынан өткөрүп, андан кийин айрым түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунушташууда. Кыргыз бийлигинин каршылаштары референдумга шайлоочулардын көбү келбей коюшканын башында эле айтып чыгышкан.

Кыргызстандын 1993-жылкы Башмыйзамы парламентте кабылданганы жалпыга маалым. Аны өзгөртүү, алымча-кошумчалар жалаң референдум аркылуу киргизилип келатат. Жеке бийлик менен демократиянын кыл келишпестигинен чыккан ажырым 2002-жылы республиканы саясий кризиске капталтканда деле кыргыз бийлиги менен оппозициясы ишти Башмыйзамды оңдоодон башташты. Максат - президент А. Акаевдин бир топ ыйгарым укуктарын калган бийлик бутактарына үлөштүрүү, аткаруу, мыйзам чыгаруунун баркын көтөрүү, мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жоопкерчилигин жогорулатуу болчу.

Конституциялык Кеңешме учурунда президент А. Акаев андай бөлүштүрүүгө макул экендигин, бийлигинин кыйласын парламент менен өкмөткө берүүгө дилгир экенин бышыктаган.

- Биз мындан аркы ишибизде эске ала турган 3 чен-өлчөм боюнча бир пикирге келдик го деп ойлойм. Биз азыр президенттик-парламенттик республикада жашап жатабыз деген пикир азыркы турмушка кыйла дал келет. Экинчи чен-өлчөм бийлик бутактарын теңдөө, тактап айтканда, президент менен парламенттин ыйгарым укуктарын аныктап алуу зарылдыгын баарыбыз туура көрдүк. Үчүнчү маселе президент жөнүндө, ал бийлик бутактарынын ортосундагы арбитр, алардын ырааттуу иштешин камсыз кылган башчы болуусу керек, деген пикирге келдик. Андай болгондо президент аткаруу бийлигинин башында турбашы лаазым. Өкмөттү башкарып калса президент арбитр боло албайт,- деген эле мамлекет башчысы.

Президент аткаруу бийлигинин башында турушу керектиги 1993-жылкы Конституцияны талкуулоо учурунда да көп айтылган. Кийинки талкууда да ошол эле пикир кайталанды. Кеңешме катышуучулары жабыла колдогон күндө деле «арбитр» болуу ышкысына арбалган мамлекет башчысы ага макул болушу кыйын эле. Үч бийликтин башында турган президенттин жоопкерчилиги жаңыланган Конституцияда деле так көрсөтүлгөн жок. Бул кенемте барып-келип Конституциянын өзүн саясий кызыкчылыкка садага чабууга шарт түзүп бериши ыктымал. Кыргызстан коммунисттеринин лидери Абсамат Масалиев мыйзам жоопкерчилиги баарына бирдей болушу керек, деп эсептейт.

- Конституцияны сактоочу кишилер анда жазылгандарды так аткарбаса мурдагы көнүмүш кайра башталат. Депутаттарды толгонткон маселе ушул. Дагы бир маселе, адам укугунун бузулушу тууралуу көп маселелерди козгоп президентке кайрылышкан. Бирок президент, ачык айталы, палатадан кутулгусу келип атат. Мурунку референдум алдында депутаттар «алтын чатагын» козгоп чыгышкан, президент парламентти таркатып жиберип референдум аркылуу эки палаталуу парламентти түздү. Эки жолку референдумдан кийин кайра бир палаталуу парламент түзгөнү жатат. Мындай оюнду токтотуш керек, - деди Масалиев.

Мурунку өкмөт башчысынын орунбасары, учурда ишкердик менен шугулданып жүргөн саясатчы Алманбет Матубраимовдун ою боюнча, азыр элде бийлик жок, болгон бийлик бир эле кишинин колунда.

- Конституцияда эл бийлиги деп жазылган, - дейт Алманбет Матубраимов.- А бирок, президент бизде бийликтин өзү. Андан артканын гана мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлигине үлөштүрөбүз. Ошон үчүн белгиленген референдумга Башмыйзамдын бир эмес 2-3 долбоору коюлушу керек. Ошонун ичинен калк өзү каалаганын тандап алсын.

Бийлик каршылаштары менен эл аралык уюмдардын сунушуна карабай конституциялык референдумдун чукул белгилениши, президенттин бийлиги Башмыйзамдын жаңы редакциясында деле баштагы калыбында калышы бүтпөгөн саясий талашты дагы узартчудай. Жаңыланган Башмыйзамдын нака барк-баасы Венеция комиссиясынын бүтүмүнө жараша аныкталат окшоп калды. Айрым эл аралык уюмдар менен оппозициянын референдум тууралуу бүтүмдөрүн кыйла чычалап кабылдаганы менен расмий Бишкек жаңыланган Башмыйзамды Венеция комиссиясына берүүгө даяр экенин республиканын тышкы иштер министри Аскар Айтматов жакында эле ачыкка чыгарды.

XS
SM
MD
LG