Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

АКШнын Тынчтык корпусу Атбашы районундагы Акмоюн орто мектебине финансылык колдоо көрсөттү


НАРЫН. 15-январда Атбашы райондук акимчилигинен алынган маалымат боюнча, АКШнын Тынчтык корпусу Акмоюн айылындагы орто мектепке грант катары 104 миң сом бөлүп берген. Бул каражат турмушу начар үй-бүлөлөрдө тарбияланып жатышкан 200 окуучуга күнүнө бир маал ысык тамак берип турууга жана мектептин спорт аянтчасын оңдоого жумшалган. Ысык тамак менен камсыз болушкан балдардын 63ү - жетимдер. Тынчтык корпусунун көмөгү менен быйыл Нарын облусундагы мектептерде ыктыярдуу 13 адис элди англис тилин үйрөтүүгө киришти.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG