Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:09

Аксуу районунда Ооган согушунун катышуучуларына эстеликтин белгиси орнотулду


КАРАКОЛ. Аксуу районунда Ооган согушунун катышуучуларына эстеликтин белгиси орнотулду. Аксуу райондук акимчилигинин алдында өткөн иш-чаранын катышуучулары, аталган райондун Ооган согушуна катышкан 67 жоокеринин эрдиктерине таазим этишип, «ооганчыларга» арналып тургузулуучу эстеликтин белгисин коюшту. Курман болгон 5 жоокердин үй-бүлөлөрүнө облустун губернатору Эмилбек Анапияев акчалай жардам берди. Ыссыккөл облусу боюнча 572 жоокер Ооган согушуна катышып, анын 25и курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG