Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Таластыктар Ооганстанда курман болгон жердештерин эскеришти


ТАЛАС. Ооган согушуна катышкан жоокерлер алгач Манастын күмбөзүнө зыяратка барышып, Айкөл Манастын эстелигине гүл коюшуп, курман болушкан 7 жоокердин арбагына куран түшүрүштү. Талас шаардык мэриясынын жанындагы Ооган жана Баткен согуштарында курман болгондорго тургузулган эстеликтин жанында коомчулуктун өкүлдөрүнүн, курман болгон жоокерлердин ата-эне, жакындарынын, мектеп окуучулар менен студенттердин катышуусунда өткөн эскерүү митингинде чыгып сүйлөшкөн бийлик өкүлдөрү, «ооганчы» жоокерлер, ата-энелер Ооганстандагы, Баткендеги коогалаң окуя кайталанбашын каалашты. Ооган согушуна Талас аймагынан 304 жоокер чакырылган. Чыгып сүйлөгөндөр азыр көзү тирүү 212 «ооганчы» жоокерге облустук бийлик эч кандай жардам көрсөтө албай жаткандыгын белгилешти.

XS
SM
MD
LG