Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Кыргызстандагы «Акыл-эс, рух жана ыйман» коому АКШнын Кыргызстандагы элчисинин Ирак боюнча билдирүүсүнө макул эмес


БИШКЕК. «АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О Кифтин 13-февралдагы «Ирак мамлекети БУУнун инспекторлору менен ак ниет кызматташпай, массалык кыргын салуучу куралдарын жашырып жатат» деген маанидеги билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Иш жүзүндө эл аралык инспекторлор Ирак мамлекетинен массалык кыргын салуучу куралдарды тапкан жок. Ошондуктан биз АКШнын Ирак мамлекетине согуш ачуу саясатына каршыбыз». Ишемби күнү Кыргызстандагы «Акыл-эс, рух жана ыйман» коомунун өкүлдөрү АКШнын президенти Жорж Бушка, Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Жон О Кифке, Кыргызстандын президенти Аскар Акаевге жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкатчысына ушундай мазмундагы кайрылуу жолдоду. Кайрылуу ээлери мындан тышкары дүйнө коомчулугунан Иракка каршы согуш ачууга жол бербөөнү, Перс булуңундагы АКШ баш болгон эл аралык аскер күчтөрүн таркатууну, Ирак маселесин тынчтык жолу менен чечүүнү сунуш кылышкан.

XS
SM
MD
LG