Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

АКШнын конгрессмендери Бишкекте президент А. Акаев менен жолугушту


БИШКЕК. 15-февралда президент Аскар Акаев Америка Кошмо Штаттарынын конгрессмендерин кабыл алды. Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Майкл Коллинз жетектеген делегация Кыргызстанга антитеррордук коалициялык күчтөрүнүн Ганси атындагы авиабазасынын жагдайын билүү максатында келген. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, тараптар өз ара кызматташуунун багыттарын талкуулашты. Делегация мүчөлөрү эки өлкө ортосундагы байланышты чыңдоодогу жана Борбордук Азия аймагында коопсуздукту камсыз кылуудагы Кыргызстандын аракеттерин баалашты. Президент Акаев өз сөзүндө АКШ менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт катары кала берээрин белгиледи. Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстандагы конституциялык реформанын маани-маңызын кеңири айтып берди. Конгрессмендер ушул эле күнү антитеррордук күчтөрдүн «Манас» аба майданында жайгашкан Ганси аскерий базасына барышты.

XS
SM
MD
LG