Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Дүйнөнүн ар башка жерлеринде Ирактагы ыктымал согушка каршы ири демонстрациялар болуп өттү


Маалымат агенттиктери кабарлагандай, Лондондун башкы көчөлөрүнүн биринде мындай акцияга жүз миңдеген адамдар чогулду. Таиланд, Түштүк Корея, Малайзия, Украинада миңдеген, Токиодо жүздөгөн адамдар Ирактагы согушка каршы ураандар алдында көчөгө чыгышты. Рим жана Берлинде дагы жүз миңдеген кишилер Ирак согушуна каршы акция башташты. Грециянын борборунда демонстрацияга чыккан анархисттер имараттардын терезелерин талкалап, гезит редакциясынын алдындагы машинеге өрт койгону кабарланууда. Австралия менен Жаңы Зелландияда мындай акцияларга он миңдеген адамдар кошулушту. Болгариянын борбору Софияда 3000дей адам тынчтык үчүн жөө жүрүш өткөрүштү. Кечирээк Нью-Йорк, Стамбул ж.б. шаарларда да ири демонстрациялар өтөөрү күтүлүүдө. Багдаддын өзүндө согушка каршы эки чоң демонстрация болду. Расмий кабарлар боюнча, аларга 1 миллионго чукул ирактыктар катышышты.

XS
SM
MD
LG