Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Ирактагы курал-жарак инспекторлору БУУнун Коопсуздук Кеңешинде эми 1-мартта доклад жасамай болушту


Кечээ Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Ирактын аскерий арсеналын текшерген инспекция башчыларынын докладын уккан соң, АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Вашингтон жакынкы апталарда тийиштүү жыйынтык чыгараарын билдирди. БУУнун инспекция башчылары Ханс Бликс жана Мохаммед эл-Барадейи Иракта 11 апта иштеген инспекторлор массалык кыргын салчу курал табышкан жок, бирок Багдад Улуттар уюмунун резолюциясын кандай аткарганын так айтыш үчүн инспекторлор дагы иштеши керек деп белгилешкен. Алардын докладынан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Багдад куралсызданбаганы айныксыз, дүйнө коомчулугу Иракты чексиз күтө бербейт деп айтты. "Биздин шаарларыбыздын биринде ал-каидачылар, же дагы башка террорчулар коркунучтуу курал колдонгончо күтүп отура албайбыз. Түштөн кийин ал курал кайдан келди деп издегенден майнап чыкпайт. Азыр ошондой куралдардын артынан сая түшүп, жок кылчу мезгил келди", - деди Пауэлл. Британиянын элчиси Иракта согуш болтурбаш үчүн Саддам заматта түп-тамырынан өзгөрүшү керек деген пикирин айтты. Кытай, Франция жана Орусиянын өкүлдөрү эл аралык инспекторлор Ирактагы ишин улантышы абзел деген көз караштарын кайталашты.

XS
SM
MD
LG