Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

БАТЫШ МАМЛЕКЕТТЕРИ КЫРГЫЗСТАНГА ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМЫН КЫСКАРТПАЙБЫ?


Кыргызстанда 2-февралда өткөрүлгөн референдумду Батыш мамлекеттери сынга алды. АКШ Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясын Венеция комиссиясынан экспертизадан өткөрүүнү сунуштоодо. Батыш өлкөлөрү мындай сындан кийин реалдуу чара көрүп, Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан жардамды кыскартууга киришпейби?

Батыш мамлекеттери Кыргызстанга көрсөтүлүп келаткан жардамды кыскартууга бир жолу барышкан. Бул 2000-жылкы президенттик жана парламенттик шайлоодон кийин болгон. «Ал шайлоолор антидемократиялык мүнөздө өттү» деген Батыш жардам берүүнү кескин кыскарткан. Ошондуктан «2001-жылы сырттан бир тыйын кредит албастан тышкы карызды төлөп жатабыз» деп, ал кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев да билдирүү жасаган. Бирок 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук актылар Батыштын Кыргызстанга мамилесин өзгөрттү. Ооганстанда антитеррордук операция жүргүзүш үчүн АКШга Кыргызстан керек болуп чыкты. Анын натыйжасында Кыргызстанга кредит, грант өңдүү жардамдардын булагы кайрадан ага баштады. Жардамды 2002-жылдын мартындагы кандуу Аксы окуясы да токтоткон жок. Ал эле эмес 2003-жылы Кыргызстанга 700 млн. доллар өлчөмүндө жардам берилээри Кыргызстанда өткөн донорлор жыйынында жарыя кылынды. Андан кийин башталган конституциялык реформа жараяны Батышта колдоо тапты. Бирок, «бир карын майды бир кумалак бузат» дегендей, президенттин жардыгы менен түзүлгөн Эксперттик топтун Конституциялык Кеңешме иштеп чыккан жоболорду эске албагандыгы, референдумдун чукул жарыяланышы кыргыз бийлигине карата ички оппозициянын эле эмес, Батыштын да сынын пайда кылды. Сындан кийин Батыш мамлекеттери аракетке киришип, 2001-жылдагыдай финансылык жардамды берүүнү кыскартпайбы деген суроо кайрадан пайда боло баштады. Анын үстүнө референдумга көзөмөл жүргүзгөн коомдук штаб Кыргызстанга финансылык жардам көрсөтүүнү токтото турууну Батышка сунуштады. Бул маселеге карата азыр Вена шаарында турган «Кыргызстанда адам укугун коргоо комитетинин» башчысы Рамазан Дырылдаевдин пикири мындай:

- Бул маселени эл аралык уюмдар учурда талкуулап, күн тартибине коюп жатат. Биз да аны көтөрүп жатабыз. Белгилүү болгондой, демократиялык жолдон тайып, адам укуктарын бузгандыгы үчүн 2001-жылы Кыргызстан эч кандай жардам албай калган. 2001-жылы АКШда болгон окуяга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттери Антитеррордук Коалицияга кирип, анын натыйжасында жардамдар кайрадан келе баштаган. Мына эми акыркы жылдары Кыргызстанга карата сын кайрадан күчөй баштады. Кыргыз бийлик өкүлдөрү «ЕККУ референдумду жакшы кабыл алды» деп калп айтып жатат. Европа жакшы баа берген жок. Жакшы баа бергендер - бири бирин колдогон КМШнын авторитардык режимдери.

Ал эми Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы Ишенбай Абдуразаков бул боюнча башкача пикирде.

- Такыр эле терс бурулуп кеткенге негиз жок. Себеби бизден да начар өлкөлөр болуп жатпайбы. Биздин бактысыздыгыбыз, биздин тегерегибиздеги мамлекеттердин баарынын бизден да жаман болуп жаткандыгында болуп жатат. Ошон үчүн «кошуналары мындай болуп жатса, алардан булар өйдөрөөк, кечирип коелу» дегендей мамиле болот го. Батыш деген өзүнүн кызыкчылыгы болсо, билип туруп деле, көрүп туруп деле, айтаарын айтат, бирок конкреттүү кадамга барбаган прагматик өлкөлөр. Ошондуктан биздеги болуп аткан көп эле терс жактарды көрүп эле турат. Бирок стратегиялык кызыкчылыкка байланыштуу көз жумду кылып коюп келатат. Муну практика көрсөтүп келатат. Бул жолу да ушундай эле болот, - дейт Ишенбай Абдуразаков.

«Республика» газетасынын башкы редактору Замира Сыдыкова бул суроого абдан кыска жооп берди.

- АКШ, Европа бизге кызыкпайт. Алар Ирак менен эле алек болуп жатышат. Биз кандай болобуз, эмне болобуз - белгисиз. Ал эми акчаны болсо кайра-кайра берип, коррупцияга баткан Ак Үйдү багып жатпайбы, - дейт Замира Сыдыкова.

Батыш мамлекеттери Кыргызстанда жакында болгон референдумду сындаган менен финансылык жардамды кыскартаары жөнүндө ишарат бере элек. Антсе да, февраль айынын аягынан тарта эл аралык финансы уюмдарынын кезектеги миссиялары Бишкекке келе баштайт. Маселе ошондо козголушу ыктымал.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG