Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

ҮСӨН АСАНОВ: «ЖЫЛЫНА 3-4 ГАНА ДИССЕРТАЦИЯ КОРГОЛУУДА»


Кыргызстандын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы, академик Үсөн Асанов менен маек.

- Үсөн мырза, Улуттук аттестациялык комиссия түзүлгөн күндөн бери быйыл 10 жыл болду. Комиссия жаңыдан уюшулганда алдына коюлган максат, милдеттер орундалуудабы?

- Он жыл мурда «өзүбүзчө мамлекет болуп алдык, өз алдынча иштей алабызбы» деп чочулаган ой бар болчу. Аспирантура, докторантура дегендерде окуган адамдар болор бекен деген ар түрдүү ойлор болгон. Мына ошол убакта 1992-жылы президент Аскар Акаев «илимдин докторуна 600 сом, кандидаттарына 300 сомдон берилсин» деген жардык чыгарган. Ал ошол мезгилдин ченеми менен чоң эле акча болчу жана жакшы эле колдоо кылды. Мына ушул өткөн мезгилдин ичинде 36 диссертациялык кеңеш түздүк. Ошолордун ичинде илимдин 105 тармагы боюнча эмгектер корголууда. Натыйжада, өткөн 10 жылдын ичинде Кыргызстандын 230 жараны илимдин доктору болду. Илимдин кандидаты деген диссертацияны 800дөн ашык адам жактады.

-Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамды талкуулоо учурунда «аттестациялык комиссиянын зарылдыгы жок, илимий даража берүү укугун университеттердин өзүнө берүү керек» деген ойлор айтылды. Бул боюнча сиз кандай ойдосуз?

- Бул принципиалдуу маселе. Советтер Союзу убагында болгон жана азыр КМШдагы бардык мамлекеттер колдонулуп жаткан ыкма боюнча илимий даража берүү борбордоштурулган. Себеби, ошондой сунуштарды киргизе турган окуу жайлар менен мекемелердин саны абдан көп. Алар өздөрү эле даража берип, өздөрү чечип ала турган болчу болсо анда девальвация алда канча күчөп, илимдин маңыз-маанисинин жоголушуна алып барат. Анда мугалимдердин баары эле профессор болуп, баары эле илимдин доктору болуп алышат. Андан тышкары университеттер наамдарды берип койсо биздин адистер Орусияга барып иштей албайт, Казакстанда да иштей албайт. Себеби, аларда борборлоштурулган талап, илимий даража, наамдар Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан гана берилет.

- Азыр «жазылган эмгектердин саны абдан көп, бирок сапаты начар» деген көз караш пайда болду жана техникалык илимдерге салыштырмалуу гуманитардык илимдер боюнча жазылган эмгектер көп. Буга эмне себеп?

- Биздин доордун бир бөтөнчөлүгү - информатиканын өтө күчтүү дүркүрөп өсүп жаткандыгы. Бул көрүнүш илимий иштердин жазылышына да таасирин тийгизип жатат. Мурункуга караганда, азыр темп жогору. Ал эми сапат боюнча берген сурооңуз туура. Гуманитардык илимге болгону калемсап, кагаз, журнал керек. Буларды табуу жеңил. Мына ушул жагдай бул тармактагы илимий эмгектердин көп болушуна таасирин тийгизүүдө. Ал эми техника, технология боюнча иштердин темпи өтө төмөн. Анткени, завод-фабрикалар иштебей калды. Жылына 3-4 гана диссертация корголууда. Алар дагы докторлук эмес кандидаттык гана диссертациялар.

- Ал эми кайсы тармактар боюнча илимий эмгектер көп жазылып жатат?

- Бизде өтө катуу темп менен бараткан тармак - медицина. Медицинада обьектинин көптүгү буга өз таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле экономисттер көп жазып жатышат. Анткени, экономика багыты боюнча окуган студенттердин саны көп.

- Кошуна республикадагы илимпоздор «Кыргызстандын аттестациялык комиссиясы абдан ачуулуу» деп айтышат экен. Буга эмне себеп деген ойдосуз?

- Себеби, бизде талап ооруурак. Маселен, доктордук диссертация коргош үчүн атайын монография чыгарыш керек жана 25 илимий макаласын рецензияланган журналдарга жарыялашы керек. Эгер мындай сандагы эмгеги болбосо коргоого жол бербейбиз. Ал эми илимдин кандидаты болууну каалагандар 10го жакын илимий макала жарыялоого тийиш. Андан тышкары кандидаттык диссертацияларды бекитиш үчүн ал адегенде Улуттук аттестациялык комиссияга келип, ал жерден экспертизадан өтүп, аныкталгандан кийин гана комиссиянын чечими менен бекитилип, мөөр басылган аттестат берилет. Ушул өндөнгөн факторлор биздеги иштердин күчтүү болушуна негиз берет.

- Анткен менен кийинки кезде эл арасында «чарбага пайдасы жок начар эмгектер деле корголот» деген көз карашты пайда болду. Мунун пайда болушуна эмне негиз берди деген ойдосуз?

- Начарыраак иштер өтүп жаткандыгын мен жашыра албайм. Элибиз чакан. Мисалы, бир тармак боюнча бардыгы 30 доктор болсо, бир бөлүгү, жок дегенде 15 киши диссертациялык комиссияда олтурса, бир бөлүгү карып жүрбөй калса, бир бөлүгү Улуттук аттестациялык комиссиянын алдындагы эксперттик комиссияны түзөт. Бош запас жок бизде. Ал эми кыргыздардын менталитетин жакшы билесиңер - тез эле таанышып алышат, куда-сөөк болуп алышат. Анан аттестациялык комиссия канчалык талап кылбасын, кол көтөрүүгө келгенде эки комиссия эки жактан жөлөп-таяп өткөрүп кеткен учурлар белгилүү болгондо тызылдап, чыйылдап туруп аргасыздан макулбуз деп калган учурлар жок деп айта албайм, бар.

- Ал эми турмушта колдонулуп жаткан эмгектер барбы?

- Бар. Биринчи иретте, биз эмгек көп деп жаткан медицинанын клиникаларында колдонулуп, «бул иштин натыйжасында мына мындай оору айыгып кетти» деп көрсөтө турган фактылар, жакшынакай иштер бар.

- Кийинки кезде жогорку окуу жайларында негизсиз эле профессор, доцент деген илимий наамдарды берүү көрүнүшү пайда болду. Бул илимпоздорду жеңил баа кылууда. Бул жөнгө салынабы?

- Окуу жайларынын уставында окуу жайынын окумуштуулар кеңеши жогорку орган деп жазылган. Ошолордун чечими - окуу жайында сөзсүз аткарыла турган башкы көрсөткүч. Ушундан пайдаланышып көп окуу жайлары жашы улгайган, тажрыйбалуу мугалимдерге, кафедра башчыларына профессор деген наамдарды окумуштуулардын чечими менен беришет. Мунун жалгыз бир себеби - жогорку окуу жайларынын саны көбөйүп кетип, анан өздөрүн абройлуу кылып көрсөтөлү деп, университеттин ичинде наамдарды берип жатышат. Биздин эреже боюнча ал кагаз Улуттук аттестациялык комиссияга келиши керек да, аттестат алышы керек. Улуттук комиссиядан документ алмайынча ал башка окуу жайы үчүн жарабайт. Мисалы, Чүй университетинин профессору Баткен университетине барып профессор боло албайт.

- Эми 10 жылдык тажрыйбадан кийин комиссиянын ишине жакын арада кандай жаңылыктар киргизилет?

- Жакында тил боюнча иштеген бир короо аспиранттар «коргоо ишибиз жүрбөй жатат, бир эле илимий кеңеш бар, ошон үчүн кезекти көпкө күтүп жатабыз» деп арызданып келишиптир. Биз анализдеп көрсөк кеп кезекте эмес, темалардын жараксыздыгында, иштин начардыгында экен. Илгери ушундай проблемадан улам координациялык кеңеш деген түзүлгөн болчу. Биз аны тоталитардык режимдин көрүнүшү деп жоюп таштаганбыз. Мен азыр ошону кайра ишке киргизейин деп жатам. Теманы бергенде дыкат тандап бериш керек.
XS
SM
MD
LG