Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Араб Лигасы Ирак боюнча чукул саммитке даярдык көрүүдө


Бул максатта Араб Лигасына кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жекшембиде Каирге чогулду.Уюмда азыр төрагалык кылган Ливандын тышкы иштер министри Махмуд Хамуд Каирдеги жыйындын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Араб Лигасынын өкүлдөрүн Ирактагы ыктымал согушка бирге каршы турууга чакырды. Махмуд Хамуддун пикиринде,балким араб өлкөлөрү Иракка каршы АКШнын жетекчилиги астындагы ыктымал согушту токтото албайт,бирок ага чогуу каршылык көргөзүшү абзел. Араб Лигасынын саммити келерки аптада өтөт. Перси булуңундагы араб өлкөлөрүнүн айрымдары АКШга ал жердеги аскер базаларын ыктымал согушка даярдык көрүү ишинде пайдалануусуна уруксат берген. АКШнын Улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс жекшемби күнү жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде АКШнын Ирак кризиси дипломатиялык жол менен чечилүүсүн күтүү мөөнөтү аяктарына аз калганын белгиледи. Кондолиза Райстын айтымында ,Вашингтон БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иракты куралсыздандыруу боюнча жаңы резолюция кабыл алышын көздөөдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG