Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

18-февралда президент А. Акаев Конституциянын жаңы редакциясы тууралуу мыйзамга кол коет


БИШКЕК. 18-февралда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев «Кыргыз Республиканын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндөгү» мыйзамга кол коет. Бул тууралуу жекшембиде президенттин администрациясынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы «Азаттыкка» маалымдады. Жаңы Конституцияга кол коюу аземине Башмыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча түзүлгөн Конституциялык Кеңешменин, Эксперттик топтун мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат. Буга байланыштуу ушул эле күнү Алатоо аянтында өлкөнүн желеги көтөрүлөт. 18-февралда президент А. Акаевдин Конституциянын жаңы долбоорун жарыялоо жөнүндөгү жардыкка кол коюшу да күтүлүүдө. Ал эми Референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штабдын төрагасы, Конституциялык Кеңешменин мүчөсү Өмүрбек Текебаев жекшембиде Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү мыйзамга кол коюу аземине катышуудан баш тарта тургандыгын билдирди. «Жакында боло турган Конституциянын жаңы редакциясына президенттин кол коюу аземине биз бара албайбыз. Анткени, биздин барышыбыз бул актынын мыйзамга ылайыктуу болгонун моюнга алганга тете болуп калат. Мен, Конституциялык Кеңешменин мүчөсү катары, ошол эле кезде Референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штабдын координатору катары дагы бир жолу, өткөн референдум мыйзам бузуулар менен өтүп, анын жыйынтыгы легитимдүү эмес экендигин баса белгилегим келет», - деди Ө.Текебаев. Конституциялык Кеңешменин дагы бир мүчөсү, «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсалов болсо, уюм анын аталган аземге катышуусу же катышпоосу жөнүндөгү чечимди дүйшөмбүдө кабыл алаарын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG