Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Бейөкмөт уюмдар коалициясы референдум боюнча өз отчетун жарыялоону кийинкиге калтырды


БИШКЕК. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы 2-февралда Кыргызстанда өткөрүлгөн референдум боюнча көз карандысыз отчетун жарыялоону кийинки мөөнөткө жылдырды. Мындай чечим аталган уюмдун директорлор кеңешинин жекшемби күнү өткөн жыйынында кабыл алынды. Буга чейин Коалициянын референдум боюнча жыйынтыктоочу документи 17-февралда жарыяланат деген маалымат таркатылган. «Биз адегенде Борбордук шайлоо комиссиясына, бийлик органдарына биздин сын-пикирибизге карата мамилесин билдириши үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк жана убакыт берели деген чечим кабыл алдык. Биз Коалициянын отчетун адегенде Борбордук шайлоо комиссиясына жолдойбуз. Андай кийин гана, болжол менен эки аптадан кийин, өзүбүздүн жыйынтыктоочу документибизди жарыялайбыз»,-дейт Коалициянын директорлор кеңешинин төрагасы Раимкул Сатыбалдиев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG