Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:23

Нарын облустук салык инспекциясы жашырылган ири өлчөмдөгү салыктарды тапты


НАРЫН. Нарын облустук салык инспекциясынын кызматкерлери жашырылган ири өлчөмдөгү салыктарды табышты. 17-февралда аталган мекемеден алынган маалымат боюнча, жашырылган салыктар атайын жүргүзүлгөн рейддик текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталып, алардын жалпы өлчөмү 4 млн. 376 миң 180 сомду түзгөн. Жашырылган салыктар көбүнесе жекече иш жүргүзгөндөргө таандык. Ал эми өткөн жылы 1187 рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүп, салык мыйзамдуулугун бузуунун 799 фактысы катталып, жергиликтүү бюджетке 1 млн. 56 миң 200 сом өндүрүлгөн. Салык төлөөчүлөр өз кезегинде салык мыйзамдары дагы эле чийки жана учур талаптарына толук жооп бербей, ишкердикке залакасын тийгизип жаткандыгын белгилешүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG