Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Арменияда боло турган президенттик шайлоого кыргызстандык байкоочу катышат


БИШКЕК. 19-февралда Арменияда боло турган президенттик шайлоого Кыргызстандан байкоочу катары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Байкожоев катышат. Мындай маалыматты 17-февралда Эл өкүлдөр жыйынынын басма сөз кызматы таратты. Ал маалыматка караганда, Болот Байкожоев шайлоого КМШдагы мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочуларынын курамында көз салат. Аталган палатадан 17-февралда алынган дагы бир маалыматка караганда, Эл өкүлдөр жыйынынын төрага орун басары Сооронбай Жээнбеков баштаган парламенттик делегация 17-18-февралда Женева шаарында өтүп жаткан парламенттик конференцияга катышууда. Европа парламенти менен Парламенттер аралык союз уюштурган ал конференцияда Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагында соода боюнча ар тараптуу кызматташуу, ага парламенттердин көмөгү жана кызматташууну арттыруу маселелери талкууланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG