Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Референдумга көзөмөл кылуучу коомдук штаб өз материалдарын Венеция комиссиясына берүүнү чечти


БИШКЕК. Кыргызстанда 2-февралда өткөн референдумга көзөмөл жүргүзүү максатында түзүлгөн коомдук штаб көз карандысыз байкоочулардын маалыматынын негизинде референдумдун жыйынтыгын Конституциялык Сотко берүүнү, ал эми Конституциянын жаңы редакциясынын эл аралык стандартка дал келишин аныкташ үчүн аны Венеция комиссиясына экспертизага берүүнү чечти. Мындай чечим штабдын 17-февралдагы жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу ушул эле күнү штабдын башчысы Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, референдумдун расмий бийлик жарыялаган жыйынтыгы менен коомдук штаб макул болбогондуктан, штаб мүчөлөрү Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча 18-февралдагы салтанатка да катышпайт. Коомдук штаб «шайлоочулардын 40% гана келгендиктен , 2-февралдагы референдум болбой калды» деген корутундусун буга чейин жарыялаган эле. 17-февралдагы жыйында ошондой эле эл аралык уюмдардын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн жер-жерлерге коюлган көз карандысыз байкоочулар менен региондордо жолугуштуруу тууралуу да чечим кабыл алынды. «Биз бул иш-чаралар аркылуу 2-февралдагы референдумда болгон мыйзам бузууларды ачыкка чыгарууну көздөп жатабыз», - дейт Өмүрбек Текебаев.

XS
SM
MD
LG