Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

ИРАКТА УРУШ БАШТАЛСА КЫРГЫЗСТАНГА ЗАЛАКАСЫ ТИЙБЕЙБИ?


Ирактын жаалы катуу режимин кулатыш амалында урушка камынып аткан АКШнын аскерий аракети дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө миллиондогон адамдарды демонстрацияларга алып чыкты. Өкүмзор жетекчини кызматтан кетирип, Ирак элин азаттыкка чыгаруу идеясынан кынтык издеш кыйын, бирок да анын ишке ашырылышы канабайрам уруш менен коштолоору маселени тынч жол менен чечүүнү жактагандарды катуу түйшөлтүүдө. Бишкектиктер бу чалкеш маселе тууралуу кандай ойдо?

Өкүмзор бийликтин ырайын өңгөлөргө салыштырмалуу мурунку советтик республикалардын калкы абдан жакшы билет. Эгемендик доорунда эле жеке бийлигин орнотуп, президенттик мөөнөтүн кыйла жылдарга узартуу демилгеси постсоветтик Борбор Азия республикаларында гана өрүш алды. Ошондонбу, АКШ өкмөтүнүн Ирактын өкүмдары Саддам Хусейндин режимин жок кылыш амалында уруш ачуу аракети бу чөлкөмдө көпчүлүктүн көжөлгөн каршылыгын чыгарган жок. Антсе да АКШнын Иракка каршы аскерий аракетин Кыргызстандагы айрым жарандар, адам укугун коргоочулар, мусулманчылык тилектештикти жактагандар айыптап билдирүүлөрдү таратышып, маселени тынч чечүүнү сунуш кылып жатышат.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов ушул айдын он экисинде Ирак маселесин чечүүдө Кыргызстан Орусия, Франция, Германия мамлекеттеринин позициясын жактыра тургандыгын айткан.

Кыргыз-Кувейт университетинин проректору Айдарбек Көчкүнов массалык кыргын салуучу куралдарды жасоого аракет кылган өлкөлөр дүйнө коомчулугунун тыкыр көзөмөлүндө турушу керек деп эсептейт. Анын айтымында, Ирак проблемасын тынч жол менен чечүүгө аракет кылыш керек. Массалык кыргын салуучу куралдарды жасаган өлкөнүн кесепетин ириде жанындагы кошуна мамлекеттер тартышы ыктымал. Ошондуктан бардык өлкөлөргө кыргын салчу куралдарды жасоого жол бербеш керек. Ирак - мусулман маданиятынын башатында турган өлкө. Ага каршы уруш башталса, андан ириде карапайым калк жапа чегет, - дейт Көчкүнов мырза.


“Ислам маданияты” гезитинин башкы редактору Асан Саиповдун айтымында, уруш чыгарган тарап гана күнөөлүү болбостон, ага шыкакчы болгондор да андан кем эмес айыпка жыгылышат. Кыргызстан адам укугун барктаган өлкө болгон соң маселени тынч жол менен чечүү аракетин жасашы зарыл. Мусулманчылыкта тынчтык баарынан кымбат, өзгөчө баалуу. Киши өмүрүн кыюу, уруш чыгаруу, ага шыкакчы болуу чоң күнөө, - дейт Саипов.

Өкүмзор бийлик менен демократиялык баалуулуктардын келишпестигинен чыккан опуртал коркунуч ушу тапта Багдад бийлигинин башына келди. Түзүлгөн кырдаал тынч чечилеби же байыркы ислам маданиятынын башатында турган эки дарыя жээгиндеги өлкө майдан талаасына айланабы – муну убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG