Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Израил "Хамас" исламчыл уюмунун активистин жок кылды


Рияд Абу Зейид Израил аскерлеринин Газа секторундагы жортуулу учурунда өлтүрүлдү. Исламчыл " Хамас" тобу өткөн аптада төрт жөөт жоокеринин өмүрүн алган террордук акт үчүн жоопкер болгон эле. Палестин аймактарындагы соңку аскерий жортуулдар ошол окуяга жооп ирээтинде жүргүзүлүүдө. Израилдин жана Палестинанын дүйшөмбүдө Лондонго келген делегациялары Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу максатында түзүлгөн төртилик топ: Европа Биримдиги, АКШ, БУУ жана Орусиянын өкүлдөрү менен өз-өзүнчө жолугат. Палестин автономиясынын өкүлү Саеб Эрекаттын билдиргенине караганда, жөөт жана палестин делегациялары өз ара сүйлөшүү өткөрбөйт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG