Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Нарын АЙЫП, Прага 17-февралда Брюссель шаарында Европа Биримдигинин кезексиз саммити болуп өттү. Анда кабыл алынган чечимге ылайык, Ирак жетекчилиги эл аралык текшерүүчүлөр менен толук өлчөмдө кызматташпаса, ага каршы күч колдонушу мүмкүн. Бирок инспекторлордун иши канчага уланаары белгисиз жана Иракка да эч кандай чек коюлган жок.

Европа Биримдигине азыр 15 мамлекет мүчө жана 2004-жылы ага дагы он жумурият кошулууга тийиш. Америка Кошмо Штаттарынын Иракка каршы катуу турумун Улуу Британия, Дания, Испания, Италия жана Португалия колдоодо. 30-январда аталган беш мамлекет ачык кат жазып, Вошингтондун Ирак саясатын жактап чыкканда, аларга үч талапкер-жумурият - Мажарстан, Польша жана Чехия да кошулган. Катта жөн гана даярдалып жаткан согушка колдоо көрсөтүлбөстөн, бул маселе боюнча Европа Биримдиги бирдиктүү болууга тийиш деп да айтылган, бирок Биримдикте азыр төрагалык кылган Грекия ал кат жөнүндө билбей да калган. Алмания менен Франциянын жетекчилери Вашингтондун саясатын сындап чыкканда болсо, АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд аларды "эски Европа" деп атаган.

Ошондуктан, Брюссель саммитинде Мажарстан, Польша жана Чехиянын мындай жоругун Франциянын президенти Жак Ширак сынга алды жана кээ бир эксперттердин айтымында, уюмга кошула элек жатып, анын ичиндеги араздашууларга алардын катышканы - Биримдиктин кеңейүү жараянына да зыян тийгизиши мүмкүн. Саммитте макулдашылган чечим боюнча, Грекиянын премьер-министри Костас Симитис жакында талапкер мамлекеттердин жетекчилери менен атайын жыйын өткөрөт жана ага Европа комиссиясынын төрагасы Романо Проди да катышат.

Анткен менен, Ирак маселеси боюнча Биримдиктеги пикир келишпестиктер кандидат өлкөлөрсүз деле күчтүү. Британиянын тышкы иштер министри Жек Строунун Брюссель шаарында жасаган билдирүүсүнө караганда, Иракка каршы күч колдонууга, укуктук жагынан алганда, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши тарабынан ноябр айында кабыл алынган резолюция деле жетиштүү жана атайын экинчи чечим азыр жөн гана саясий себептерден талап кылынууда. Бирок Алмания менен Франциянын айтымында, Ирак маселесин тынчтык жолу менен чечүү багытында такыр эч кандай арга калбай калганда гана күч колдонуш керек жана Коопсуздук Кеңеши ан үчүн сөзсүз атайын экинчи резолюция кабыл алууга тийиш.

Төрт саатка уланган талаш-тартыштан кийин, Биримдикке кирген бардык 15 мамлекеттин жетекчилери макул болгон, бирок жалпы сөздөр менен жазылган биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ага ылайык, эгер Багдад эл аралык коомчулук менен толук кандуу кызматташпаса жана куралсызданбаса, ага каршы, акыркы чара катары, күч колдонулушу мүмкүн. Ошондуктан, Ирак өкмөтүнө азыр - маселени тынчтык ыкмалары менен чечүү үчүн акыркы мүмкүнчүлүк берилүүдө. Бирок билдирүүдө - эл аралык текшерүүчүлөр Иракта дагы канча убакыт иштей турганы айтылбайт жана Багдад өкмөтүнө да эч кандай чек коюлбайт. Жыйындан кийин Алмания канцлери Герхард Шрөдердин журналисттерге билдиргенине караганда, "убакыт өтүп баратат" деген сөздөр да билдирүүнүн текстинен анын талабы менен алынып салынды.

Ошентип, Ирак маселеси боюнча Европа өлкөлөрү, кагаз түрүндө болсо да, бир мунасага келди жана Франция президенти Жак Ширактын айтымында, кризис аяктады десе болот: "Бардык маселелер чечилди деп айтуудан мен алысмын, бирок, менин оюмча - жана аны келечек да көрсөтөт - Европадагы мини-кризис аяктады".

Анткен менен, пикир келишпөөчүлүктөр дагы эле бар. АКШ президентинин кеңешчиси Кондолиза Райс 16-февралда билдиргенге караганда, АКШ азыр Бириккен Улуттардын экинчи резолюциясынын долбоорун даярдоодо жана ал жакынкы апталарда кабыл алынууга тийиш. Алмания менен Франция болсо, андай резолюциянын азыркы учурда кабыл алынышына каршы.
XS
SM
MD
LG