Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

ИРАКТАГЫ СОГУШТАН КАВКАЗДЫКТАР ЖАКШЫЛЫК КҮТПӨЙТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Жакында Кавказ өлкөлөрү Иракка кризисин чечүү маселесинде АКШ менен шериктеш экенин билдиришти. Грузиянын президенти өткөн жумадагы билдирүүсүндө эгерде Ирак курал инспекторлору менен кызматташпаса ага каршы аскердик күч колдонуу зарылдыгы келип чыгышы мүмкүн деп айтты. Ушундай эле көз карашын Азербайжан менен Армениянын президенттери да билдиришти.

Өткөн аптада жасаган билдирүүсүндө Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзе мындай деди.

- Массалык кыргын салуучу куралдарды жасаганга аракеттенген тоталитардык режим, кайсы чөлкөмдө болбосун, бүткүл дүйнө үчүн коркунуч жаратат жана сөзсүз жазаланышы керек.

Азербайджандын тышкы иштер министри Вилает Гулиев:
- Бакы АКШнын Ирактын массалык кыргын салуучу куралдарын жок кылуу боюнча аракеттерин колдойт жана азыркы кризистин тездик менен жөнгө салынышын каалайт.

Ал эми Ереванда Армениянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү: “Армения БУУнун 1441-резолюциясынын шартсыз аткарылышын колдой”, - деп айты. БУУнун резолюциясында Ирактын куралсыздануудан баш тартышы олуттуу натыйжаларга алып келет деп эскертилген болчу.

Айына бир жолу чыгуучу "TransCaucasus: Chronology" деген журналдын серепчиси Ричард Гирогосян Кавказдагы жумурияттардын АКШ менен өнөктөштүгүн биринчи кезекте алардын антитеррордук саясаты менен түшүндүрөт. Ошону менен катар серепчи аталган үчөөнүн ичинен АКШнын саясатына карата көз карашын эч кимден тайманбастан айкын жана ачык билдирген жалгыз Грузия экенин баса белгилеп, мунун себебин Грузия АКШнын жардамын башкаларга караганда көбүрөөк алганы менен чечмелейт. "Жарандык Грузия" деген интернет журналынын баш редактору Жаба Девдариани:

- Грузия азырынча АКШнын аскердик жардамын эң көп алган өлкө жана Америка менен шериктеш болуу менен грузин жетекчилиги АКШга ыраазычылыгын эле билдирбестен, андан кошумча көмөк алганга үмүттөнөт.

1992- жылдан бери Грузия АКШдан бир миллиард долларлык жардам алды. Өткөн жылы эки тараптуу аскердик кызматташуу программасынын алкагында америкалык аскердик адистер грузиялык аскердик бөлүктөрдү машыктыра башташты. НАТОго мүчө болуп кирүүнү көздөгөн Грузия азыр аскердик реформасын ишке ашырууда.

Грузин жетекчилигинин АКШга ыктагандыгынын дагы бир олуттуу себеби Тбилиси менен Москванын мамилелеринин начардыгы менен түшүндүрүлөт. Эсиңиздерге сала кетели, Грузиянын Чеченстан менен чектеш Панкиси капчыгайында чечен козголоңчулары жашынган деп шек санаган Орусия Грузиядан Панкиси капчыгайын тазалап чыгууну талап кылып, болбосо чечен козголоңчуларын жок кылуу үчүн Грузиянын аймагына өз аскерлерин киргизем деп бир нече курдай кесенген. Чечен козголоңчуларына башбаана берип жатат деген шылтоо менен Орусия Грузиянын жарандары үчүн виза эрежесин киргизген. Ошол эле маалда Грузиянын козголоңчул Абхаз жумуриятынын тургундарына Орусияга визасыз каттоого уруксат этилген болчу.

Түштүк Кавказдын калган эки жумуриятынын Ирак кризисине карата мамилесинде көбүрөөк этияттык байкалганын белгилей кетүү абзел. Серепчи Девдарианинин көз карашында, Азербайжандын Ирак кризисине байланыштуу жасаган билдирүүсүн Бакынын Вашингтонго эмес, - боордош Түркияга жан тарткандыгы деп сыпаттаган оң.

Бирок баарынан көп этияттык Еревандын билдирүүлөрүнөн сезилет. Ирактын ыктымал аскердик кол салуусуна жооп кайтаруу үчүн Түркия Ирак менен чектеш регионго ири аскерлерин топтоодо. Анкара ыктымал боло турган согуш эгемен күрт мамлекетинин түптөлүшүнө өбөлгө түзүп, Түркиянын Анадолудагы күрт калкына дүрбөлөң салат деп кооптонот. Эгемен күрт мамлекетинин түзүлүшү күрт улутундагы ири диаспорасы бар Арменияны да кабатыр кылбай койбойт. Жакынкы Чыгышта андай мамлекеттин пайда болушу чөлкөмдөгү геосаясий абалды түп-тамырынан өзгөртөт. Ирак согушу Иракта жана башка мамлекеттерде отурукташкан армяндарга да кесепетин тийгизиши толук ыктымал. Ошон үчүн сөз жүзүндө Иракка каршы керек болсо катаң чараларды колдонууну кубаттаган Армения, иш жүзүндө "согуш чыгып кетпесе экен" деп кыпылдап турган кези.

XS
SM
MD
LG