Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Бишкекте Кыргызстан менен Москванын өкмөттүк делегациялары өз ара сүйлөшүүлөрүн улантууда


БИШКЕК. 18-февралда Аларча резиденциясында кыргыз өкмөтү менен Москва өкмөтүнүн ортосундагы өкмөт аралык комиссиянын экинчи жыйыны болду. Анда Кыргызстан менен Москванын ортосунда 2000-жылы түзүлгөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана маданий кызматташуу боюнча макулдашуунун аткарылышы жана аны мындан ары кеңейтүү маселеси каралды. Акырында Бишкек мэриясы, Кыргызстандын Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Москванын чакан ишкердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин, Москванын билим берүү департаменти менен Кыргызстандын Билим берүү жана маданият министрлигинин, Москванын саламаттык сактоо департаменти менен Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда төрт макулдашууга кол коюлду. Жыйында айтылган маалыматка караганда, Москва өкмөтүнүн Кыргызстанга быйыл бере турган жардамынын көлөмү 160 миллион рублду түзөт.

XS
SM
MD
LG