Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Премьер-министр Н. Танаев Экономикалык саясат боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү


БИШКЕК. 18-февралда премьер-министр Николай Танаев Экономикалык саясат боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Анда жыйын Дүйнөлүк Банктын 2003-2006-жылдарда Кыргызстанга көрсөтө турган жардамынын стратегиясын карап, кайра толуктоого жөнөттү. Дүйнөлүк Банктын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн долбоорлор боюнча кызматкери Динара Жолдошевадан алынган маалыматка караганда, аталган банк алдыдагы үч жыл ичинде Кыргызстанга 171 миллион доллар бөлүүгө ниеттенген. Ал каражат Кыргызстандын колдоого муктаж деген сегиз тармагына, атап айтканда, мамлекеттик башкарууну бекемдөө, жеке секторду, айыл чарбасын, банк системасын өнүктүрүү, саламаттык сактоо, билим берүү тармактарына колдоо көрсөтүүгө жумшалмак. Кыргызстан тарап банктан агробизнес тармагына бөлүнө турган каражатты көбөйтүүнү суранды.

XS
SM
MD
LG