Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:07

ЧЕТТЕН КЕЛГЕН ЖАРДАМ: МАСЕЛЕНИН ЭКОНОМИКАЛЫК, САЯСИЙ ЧОО-ЖАЙЫ


Кыргызстандагы айрым коомдук, бейөкмөт, саясий уюмдар 2-февралдагы референдумдун жыйынтыгына пикирин билдирген эл аралык уюмдарга кине тагып, алардын аракетинен өлкөнүн ички ишине кийлигишүү белгилерин таап, айыптап чыгышты. «Азаттык» радиосундагы баарлашуу эл аралык жардамдын жана бейөкмөт уюмдардын жарандык коомдун саясий калыптанышындагы ролуна арналмакчы.

- Кыргызстанда буга чейин өтүп келген шайлоо, референдумдардын көпчүлүгү эл аралык адам укугу уюмдарынын катаң сынына кабылып келатканы белгилүү. Соңку референдумдун жыйынтыгынан күмөнсүгөн Кошмо Штаттардын Улуттук демократиялык институту ачыкка чыгарган бүтүмү үчүн республиканын айрым бейөкмөт, саясий, коомдук уюмдарынын саал чычалаган каршылыгына туш келерин ойлобосо деле керек. Четтен айтылган сынды кыргыз бийлиги башта илгирт кабыл алчу. Референдум жыйынтыгынан күмөнсүгөн сынга нааразы болуунун себеби эмнеде?

Р.Кадырова:
- Менин оюмча, сөз эки документтин тегерегинде башталганы оң. АКШнын Улуттук демократиялык институтунун билдирүүсүнө каяша кылып Токтайым Үмөталиева жана башка бейөкмөт уюмдар жооп кат жазышты. Биз дагы референдум баштала электен мурда эки маселе боюнча кат жазганбыз. Анда «эки жарым жума Конституциянын жаңы редакциясы менен таанышып чыгууга аздык кылат» дегенбиз. Анан чет элдик уюмдар: ЕККУнун эксперттери, айрым элчиликтер деле ушундай эле пикирлерин айтышты. Адис эмес жөн элге таанышууга убакыт аябай аз берилди. Биз буга каршы болгонбуз. Экинчиден, Конституциянын 13-январда чыккан өзгөртүүлөрүнө биздин сунуш-пикирлер кирбей калды. Түшүнүп атабыз, ар бир адамдын, уюмдун пикири ушундай чоң документте толук камтылышы мүмкүн эмес. Антсе да бизге убакыт керек болчу. Оппозициянын 2-февралда өтчү референдумду үзгүлтүккө учуратышына каршы болгонбуз. Референдумга катышуу - ар бир адамдын укугу, милдети. Мен азырынча пикиримди айта албайм, анткени Коалициянын же Ассоциациянын жыйынтыгы чыга элек. Акыркы жыйынтык чыккандан кийин биз бардыгыбыз кайра «тегерек столго» чогулуп, ортодогу маселени талкуулашыбыз керек.

Ж.Жекшеев:
- АКШнын Улуттук демократиялык институтунун берген баасына карата референдумга бейөкмөт уюмдар, Кыргызстан элдери ассамблеясы, Аялдар демократиялык партиясы кол коюп каршы пикирин билдиришкенине мен таң калып отурам. Улуттук демократиялык институттун 100 ашуун мамлекеттерде офистери бар. Кыргызстанда алар 1990-жылдан бери иштеп келатат. Жакында эле, 11-сентябрдагы окуядан кийин, бизге коңшу тоталитардык Өзбекстан, Түркмөнстанда да офисин ачышты. Канатын жайып Борбор Азия мамлекеттеринде кеңири иш жүргүзүп жатышат. Так ушул учурда булардын берген абдан калыс баасына каршы чыгып, кайра алардын өзүн сындап баа берүүнүн кажети бар беле, деген суроо мени тынчсындандырып атат. Сын пикир айтканга алардын укугу бар. Референдумга бөлүнгөн убакыт аз экенин айтып, бирок референдумду өткөрбөйбүз деген биздин аракетибизди колдобой эле. Жакшыбы-жаманбы ар кимдин өзүнүн ою бар, ар ким өзү баа бериш керек.
«Булар туура эмес баа берип атат, шектүү иштерди жасап атышат, башка жактардан акча алып келишкен, булар бизге каршы иштеп атат», деген Советтер Союзу убагында мамлекеттин ичинен душман издөө компаниясы бар эле. Так ошондой болуп атабыз. Кыргызстанга Улуттук демократия институтунан башка жүздөгөн каналдар аркылуу жардам келип атпайбы. Ошолордун катарындагы институт, өзгөчө статусу деле жок. Болгон аракети - демократияны илгерилетүү, жарандык коомдун баркын көтөрүү. Улуттук демократия институту - бейөкмөт уюмдардын бири. Бейөкмөт уюмдун өз орду бар. Табиятында ал ар бир ишке сын көз менен карап, өзүнүн баасын берип турушу керек. Айрыкча өкмөт тарабынан кабылданган чечимдерге, жалпы элдик референдумга.


Э.Байсалов:
- Улуттук демократиялык институт менен иштешип жатканыбыз чын. Алар аркылуу бизге каражат түшөт. Азыркы бейөкмөт уюмдардын баары чет өлкөдөн акча алышат, жалгыз эле Коалиция алып жаткан жери жок. Акчадан каралашканы менен Улуттук демократия институту бир да жолу бизге «мындай жаз, тигиндей билдирүү бер, момундай көз карашты карман» деп эч качан айткан эмес. Анткен күндө деле биз аларды укмак эмеспиз. Коалицияны «АКШнын агенти» деп балким бийликте отургандар же журналисттер туура эмес түшүнүп аткандыр. Коалиция жергиликтүү кыргыздардын уул-кыздарынан түзүлгөн уюм. Биз кыргыз жараны катары бийликке сын-пикир айтканга толук укуктуубуз. Аны Улуттук демократия институтунун Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсү деп баалаш туура эмес.

Т.Үмөталиева:
- Жыпар байкенин сөзүнө мен кошула албайм. Биз каршы билдирүү жасаган жокпуз. Биз Улуттук демократия институтунун билдирүүсүнө комментарий катары кайрылуу бердик. Кыргызстанда кандай шайлоо өткөнүнө өзүбүздүн баабызды бердик. Элчи Нельсон Ледскинин айтканын уккула деп атасыңар. Биз Нельсон Ледскинин катында айтылган сунуштарды Конституциялык Кеңешмеде аткардык. «Муну жасагыла, тигини аткаргыла» деп атышат, аны аткарсак кайра «бул керек эмес» деп атышат. Аларда андай статус жок. Эл аралык документтер боюнча, эч бир уюм башка өлкөнүн ички иштерине киришип, ага баа бергенге акысы жок. Ал үчүн БУУнун кабыл алынган резолюциясы бар. Кыргызстан элинин ассамблеясы - бейөкмөт уюм, бирок ал Кыргызстандагы 80 улуттун башын бириктирген уюм. Улуттук демократия институту кабыл алган резолюциясы бар. Анда алар ачык эле Кыргызстанда болуп аткан процесттерге киришип атышат. Бул Американын ой-пикири эмес. Бизге окшогон бир бейөкмөт, байыраак уюмдун ой-пикири.

- Бейөкмөт уюмдар - жарандык коом канчалык деңгээлде торолуп, калыптанышын көрсөтчү белги. Кийинки жылдардагы шайлоо, референдумдардын өтүшүнө байкоо салган бейөкмөт уюмдардын коомдогу саясий ролу кыйла жогорулады. Ошону менен бирге аларга каршы сындар да арбын айтыла баштады. Бейөкмөт уюмдардын саясий өнөктүктөргө катышуусунан кынтык издөөгө болобу?

Ж.Жекшеев:
- Албетте, ар бир бейөкмөт уюм өз уставына, жобосуна ылайык иш жүргүзөт. Эгер алар саясий маселелерге да аралашып атса бизге өөн көрүнбөш керек. Себеби, бул дагы адам укугунун бир түрү. Жарандык коом бизде жүрүп аткан ар бир процесске анда жашаган адамдардын баары аралашып, өзүнүн ордун активдүү ээлей баштаган жерде түзүлөт. Мейли оппозициябы, же мойну өкмөткө карай кыйшайган партиялар болобу - алардын баарынын максаты - бийликке келүү. Ал эми бейөкмөт уюмдар бийликти сындоо, кемчилигин айтуу жагынан эч качан саясий партиялардан кем калбай алдыңкы чекте болуш керек. Бизде саясий партияларга бийлик тарабынан болгон кысым алардын жолун ачпастан, тескерисинче ооздуктап турат.

Р.Кадырова:
- Губернаторлордон сурасаңар минтип айтышат: «Бул БӨУ(НПО) жакшы, себеби ал бизге жол куруп берди, мектеп, мончо салышты, таза суу ж.б. алып келди. Жакшы БӨУ - көп акча алып келген бейөкмөт уюм». Мындай көз караш туура эмес. Мына биздин уюм Кыргызстанга 2 млн. долларга жакын акча алып келди, алардын көбү суу долбоорлоруна жумшалды. Бирок мен ойлойм, биздин мыктылыгыбыз ошол алып келген акчада эмес, биздин күчүбүз жумушубуздун жыйынтыгында, канчалык деңгээлде адамдардын аң-сезимин өзгөртө алганыбызда. Биздин максат - элдин жаратмандык кубатын ойготуу, өз маселесин өзү чечүүсүнө колкабыш кылуу, арасынан лидерлерди чыгарып, анан ошол лидерлерге долбоор жазганды үйрөтүү. Ушул БӨУнун жумушу. Бейөкмөт сектордун проблемасын айрым БӨУ мамлекеттик бийликтин бир бөлүмү деп ойлоп алышкан. «Өзүбүздүн айылыбызга жакшы каражат алып келсек, социалдык-экономикалык долбоор түзсөк, ошол биздин ишибиз» деп ойлошот. Бул жагынан бейөкмөт уюмдар коалициясынын жүргүзүп аткан иши туура деп ойлойм.

Э.Байсалов:
- Жыпар Жекшеев айткандай, «бейөкмөт уюмдардын саясатташканы туура, саясий партиянын алдында иштеш керек» дегенге кошула албайм. Ортодо өзүнчө бир баланс болуш керек. 2000-жылы биз Бейөкмөт уюмдар коалициясы катары парламенттик, президенттик шайлоого байкоо жүргүзүп, өзүбүздүн активдүү позициябызды билдирдик. Ошондон бери биз өсүп, өнүгүп, азыр Коалиция бейөкмөт уюмдарды бириктирбей, биз жарандык активисттерди бириктирип атабыз. Эмне үчүн бейөкмөт уюмдар саясий партиялардай болбой пикирин ачык айтып, калыс позицияны тутунуп атат? Анткени, алар мамлекетке, өкмөткө көз каранды эмес.

Т.Үмөталиева:
- Биздин ой-пикир менен Эдилдин позициясы дал келип атат. Пикирлердин көп түрдүүлүгү шартында ар кыл ойлордун айтылышы мыйзам ченемдүү. Баарын жалгыз шайлоого такай бербеш керек. Бейөкмөт уюмдардын иши шайлоого эле байланыштуу эмес. Өзүбүздүн ой-пикирибизди, көз карашыбызды айтканга акыбыз бар. Саясий партиялар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн өздөрүнүн саясий куралы катары колдонгонго аракет кылып атат. Аларга жол бербегенге биз да аракет кылып атабыз.

- Бейөкмөт уюмдар ушу тапта эки шарттуу чоң топко бөлүнүп калгандай. Бир тарабын өкмөтчүл, экинчи жагын демократиялык баалуулуктарды Кыргызстанга байырлатуу амалында иш жүргүзгөндөр деп айтса жарашабы? Мындай бөлүнүүчүлүктүн себеп-жайы эмнеге байланыштуу?

Ж.Жекшеев:
- Бизде бейөкмөт уюмдардын арасында өкмөттүк уюмдарга айланып бараткандары да бар. Өкмөттүк структурадан ашынып аткаруу бийлигинин таламын талашкан, бийликти даңазалап, аларды рекламалап аткан уюмдарды бейөкмөт уюм деп айтканга ооз барбайт. Муну өкмөттүн эле структурасы деп койсо жарашат. Ушундай бейөкмөт уюмдар бар. Бирок, ошол эле учурда саясий партиядан, оппозициядан кем калбай, өздөрүнүн калыс жыйынтыгын чыгарып келаткан, объективдүүлүктөн танбай келаткандар бар. Бейөкмөт уюмдарда эки чоң багыт бар экени чындык. Бейөкмөт уюмдун атынан бирөө таамай байкоосун жүргүзүп, шайлоо, референдумдарда туура жыйынтыгын чыгарып атат. Алардын айтканына ынанууга болот. Экинчилери бийликтин жасагандарын даңазалап, ошолорго калканч болууда. Кайсыл жерден оппозиция менен бийликтин ортосунда тирешүү пайда болуп калса ошол жерге жетип барып бийликтин камчысын чаап чуркап жүрүшөт.

Р.Кадырова:
- Аксы окуясынан кийин биздеги бейөкмөт уюмдардын кандайлыгы проблеманы талкуулаганда көрүндү. Бейөкмөт уюмдар менен коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын мүчөлөрү Аксы окуясын мамлекеттик бийликтин көзү менен карап жатышат. Коалициядагылар оппозиция жагына жакын. Мындай позиция жакшы же жаман экенине мен жооп бере албайм. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Ар бир тарап өз пикирин айтат. Бири өкмөт жагында, экинчиси оппозиция тарабында, бөлүнүп кетишти.

Э.Байсалов:
- Коалиция 5-6 миң уюмдун бирөөсү, ассоциация деле ошолордун бирөөсү. Силер биздин ички иштерибизди билбейсиздер, бизге окшогон миңдеген уюмдар бар.

Т.Үмөталиева:
- Мен деле элдин камчысын чаап жүрөм. Ошол эле оппозиция менен да, бийлик менен да иштеп атам. Бийлик же оппозиция өгөй эненин баласы эмес, баары кыргыздын балдары. Ошолордун ой-пикирин алып чыгыш биздин бейөкмөт уюмдардын максаты.

Тектеш

XS
SM
MD
LG