Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Бэйжинде өткөн Кытай менен Түндүк Кореянын расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусунда Вашингтон-Пхеньян тирешүүсү сөз болду


Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Пэк Нам Сун жана Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ванг Йи - Пхеньян 1953-жылы АКШ менен кол койгон куралдуу касташууну токтотуу келишиминен чыгаарын эскерткенден көп узабай кездешишти. Кытайдын өкүлдөрү билдиргендей, жолугушууда эки тарап АКШ-Түндүк Корея эрегишин куралсыз жөнгө салуу керек деген пикирлерин ырасташты. Бэйжиндин басма сөз өкүлү Жанг Кюе Пхеньян кризисин жөнгө салуу максатында сүйлөшүү баштоо зарыл деп белгилейт: "Биз азыр - Корей жарым аралын бейөзөктүк аймак катары сактап калыш үчүн өтө маанилүү учур деп эсептейбиз. Бейжин менен Пхеньяндын ишениминде, кризисти жөнгө салыш үчүн бардык зарыл шарттарды, сүйлөшүү баштоого ыңгайлуу жагдайды түзүү зарыл", - дейт Бэйжиндин расмий өкүлү.

XS
SM
MD
LG