Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Кыргызстандын президенти А.Акаев өлкө Конституциясынын жаңы редакциясына кол койду


Кыргызстандын расмий өкүлдөрү 2-февралда өткөн бүткүл элдик референдумда Конституциянын өзгөртүлгөн долбоорун шайлоочулардын 75%ы колдоду деп жарыялашкан. Ага ылайык, Кыргызстандын кош палаталуу парламентинин ордун келечекте бир палаталуу Жогорку Кеңеш басат. Президент Акаев жаңы Конституция - өлкөнүн эгемендигин бекемдеп, жаңы, жогорку деңгээлдеги тарыхый өнүгүүгө жол ачат деп мүнөздөгөн. О.э. учурда Кошмо Штаттар жана бир катар адам укуктарын коргоо уюмдары Кыргызстандагы референдумду сындап чыгышкан. АКШ айрыкча референдум өтөөрү 20 күн гана мурдараак жарыяланганына байланыштуу кабатырлануусун билдирген. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстандагы бул саясий өнөктүккө өз байкоочуларын жөнөтүүдөн баш тарткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG