Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:37

КЫРГЫЗДАРДЫН КУРУЛТАЙЫ, ЧЕТТЕ ЖҮРГӨН МЕКЕНДЕШТЕР, ЖАҢЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН КОНСТИТУЦИЯСЫ…


Кыргыз басылмаларына баяндама.

“Жемектин кереги не – той баштайлы”, деп жазат шейшембидеги “Моя столица” гезитинде Рина Приживойт. Кыргыздардын дүйнөлүк курултайын өткөрүүгө уюштуруу комитети түзүлдү. Автордун айтымында, калк турмушу оңолуп, байпагы манат болуп турганда той-аш өткөрүштүн өөнү деле учурабайт болчу. Азыркыдай тартыш маалда, референдумдан кийинки той канчага турат, деген суроо болбосо шатыра-шатман салтанатка ким каршы чыксын

Кыргызстан конституциялык туңгуюкка капталганы Вячеслав Тимирбаевдин «Жамап-жаскоодон майнап чыгабы?» деген макаласында козголот. Автордун маалымдашынча, күнкорсуз мамлекеттердин бир да бирөө Конституциясын улам-улам оңдогон жок. Аларга корогон акча тууралуу азыр эч ким кеп деле кылбайт. 1992-жылдын 29-июнунда президент Акаев Кыргызстанда кылымдык Конституция кабыл алынарын жар салган жайы бар эле, деп маалымдайт автор. Ошондон бери Конституция өзгөртүлгөн сайын аны дүйнөдө жок документ катары сыпаттоо аракети жасалып келатат. Конституциянын өмүрү, автордун пикиринче, бир адам үчүн эмес, коом менен мамлекет кызыкчылыгына деп жазылса гана узун болот. «2003-жылдын 2-февралындагы Конституциянын арымы алыс узабайт,- деп жазат автор.- Бийлик алмашкандан кийин ал деле өзгөртүлөт».

Кыргыздардын дүйнөлүк курултайы тууралуу маалыматтар 18-февралдагы «Кыргыз туусу» гезитинде жарыяланды. Кийинки кездери массалык маалымдоо каражаттарына, журналисттерге каршы соттук доо-арыздар көбөйүп, моралдык зыянынын ордун миллиондогон сомдор менен толтуруу аракети күч алганын «Кыргыз туусу» гезитинде Үсөн Касыбеков «Тар жол, тайгак кечүү» деген макаласында козгогон. «Доогерлердин экспансиясы мындан ары улана бере турган болсо, Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынын келечеги күмөндүү экенине шек саноого болбос,- деп жазат автор. - Өлкөнүн маалымат мейкиндиги акырындап отуруп кубарган куу такырга айланары турулуу иш. Кандайдыр бир тыкыр чаралар көрүлбөсө, өлкө ММКдан биротоло кол жууп калышы оңой».

«Мен оппозицияда эки эле жыл болуп түшүндүм. Аксылыктарга кошулуп Жаллабаттан Ошко келдим, Каракөлгө бардым,- деп жазат «Агым» гезитинде кадамжайлык Бүбүсара Төрөкулова.- Эки жыл чарык жырттым, баары бир майнап чыкпады. Баягы эле уйкусураган эл, кайдыгер эл. Төө десең бээ дейт. Элибиз аз эл. Аны да бийлик бай менен кедейге бөлүп салды. Дежур референдум да өттү. Булардын баарын көрүп туруп жүрөгүмдөгү эл-жерге деген патриоттук сезимим суу сепкендей өчүп калды. Тойдум Кыргызстанга деп Россияга кетип жатам.» - деп жыйынтыктайт өз катын аксылык Төрөкулова

Кошмо штаттардын конгресчилери Кыргызстандагы референдумду колдошорун шейшембиде «Слово Кыргызстана» гезити маалым кылды. Ушул эле гезитте журналист Садырбек Чериковдун АКШнын ЕККУдагы элчиси Д.Девидсон мырзага «Келип көрүп кетиңиз» деген жообу жарыяланды. Кыргызстандагы референдум өлкөнүн ички иши экенин, ага сырттан туруп кийлигишүүгө эч кимдин акысы жоктугун белгилеген кыргыз журналисти Кошмо штаттар элчисин республикага келип кетүүгө чакырат.

Эл Конституцияга кандай өзгөртүүлөр киргизилгендигинен кабарсыз калды, деп белгилейт адам укугун коргоочу Ниязалы Бекбердинов шейшембидеги «Республика» гезитинде. Конституциянын өзгөртүлүшүнө эч ким каршы эмес, бирок аны эмнеге мынчалык шашылыш өткөрүштү? Кайдыгер калк, ашыккан бийлик, коррупциянын чайлап-коолап кеткени – мунун баары республика конституциялык туңгуюкка кептелгенин көрсөтөт, деп белгилейт Ниязалы Бекбердинов. Аксылыктарга киши башына 4 сотуктан жер тийгени, айласы куруган элеттиктердин көбү Бишкектин жанындагы жаңы конуштарга келүүгө мажбур болушканы, аларга эч кандай шарт түзүлбөгөнү Жаркын Жалбыркованын «Тоо жылы, мамлекеттүүлүк жылында адам укугун урматтаган өлкөнүн шордуулары» деген макаласында баяндалат.

Кыргызстандык жарандардын жарым миллионго жакыны Орусияда соода кылып жүрүшкөнүн шейшембидеги «Аалам» гезитинде «Акыйкат жолу» коомунун төрайымы Бүбүайша Арстанбекова ырастайт. Анын айтымында, Орусиядагы кыргыздардын 70% банкрот болгондор, 40% үй-жайынан айрылгандар. Журналист Дыйканбек Садык уулу «Эстелик» деген макаласында кийинки жылдары тургузулган айкелдердин кыйласы эстетикалык жагынан комсоо, сапаты начар экендигине токтолгон. Автордун айтымында, Кыргызстанда ылганбай эле эстелик коюла берет, бийликте ким отуруп көзү өтүп кетсе ошонун айкели тургузулат.

Бишкекте биртоп көчөлөр 2200 жылдык мааракенин урматына оңдолуп, тегизделерин шейшембиде «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады.
XS
SM
MD
LG