Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

ЖАЛАЛАБАДДА КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫНА КОЛ КОЮЛГАНЫНА БАЙЛАНЫШТУУ МИТИНГ БОЛУП ӨТТҮ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад 18-февралда Жалалабад шаарында Конституциянын жаңы редакциясына президент А. Акаев тарабынан кол коюлушуна байланыштуу митинг болуп өттү.

18-февралда Конституциянын жаңы редакциясына президент Аскар Акаевдин кол коюусуна байланыштуу Барпы атындагы кыргыз драма театрынын аянтында уюштурулган митингге облустук мекеме-ишканалардын жетекчи адистери менен Жалалабад шаарындагы окуу жайлардын студенттери келишти. Шаардык мэрия тарабынан өткөрүлгөн акцияга, облустук акимияттын басма сөз борборунун маалыматы боюнча, эки миңге жакын, ал эми Кыргызстан коммунисттер партиясынын облустук комитетинин төрагасы Сейиткасым Момунжановдун болжолунда - 800 адам катышты.

Митингди ачкан Жалалабад шаар башчысынын 1-орун басары Садыр Айтбаев 2-февралдагы референдумга облус борборунун калкы акылдуулук, көрөгөчтүк кылып, демократиялык жолдон тайбаш үчүн жогорку деңгээлде катышты. Сөзгө чыккан ардагер Азимбай Кулбаев «Башмыйзамга өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү бышып-жетилген маселе болчу» деп айтып, президенттин жардыгы туура болгонун белгиледи.

Облустун губернатору Жусупбек Шарипов митингге келгендерди Башмыйзамдын жаңы редакциясына кол коюлушу менен куттуктады. Конституцияга өзгөртүүлөрдү кошууга жетиштүү убакыт бөлүнгөндүгүн жана аны калкка түшүндүрүүгө 2100 лектор тартылгандыгын белгилөө менен өз атынан референдумду колдогон облустун калкына ыраазычылыгын билдирди. Референдумга шайлоочулардын 88% катышып, алардын 78,7% Башмыйзамды жакташкандыгын айтты.

Ал эми Кыргызстан коммунисттер партиясынын облустук аткаруу комитетинин төрагасы Сейиткасым Момунжановдун пикирине караганда, референдумдун маани-маңызын элет калкы жеткилең түшүнгөн деле жок. «Референдум өткөрүү менен бийликтегилер демократияга олуттуу сокку урушту» деп эсептеген С. Момунжанов митингге карата көз карашын да айтып өттү.

- Бул митингдин деле кереги жок болчу. Себеби, бул өткөрүлүп жаткан митинг, Бишкектеги атайын иш-чаралардын бардыгы - президент жана анын бийлиги тарабынан «элди жеңдик» деп кубанычы койнуна батпай белгилеп, көчөгө чыгып жарыя кылган көрүнүш деп ойлойм. Элдин турмушу күндөн-күнгө начарлап барат. Президент өзүнүн бийлигин уламдан-улам бекитип, «эгер кызматтан кетсем, үй-бүлөм кол тийбес болсун, мурда кылган иштериме жооп бербейм, үй-бүлөмдү мамлекет баксын» дегени туура эмес, - деди ал.

Митингдин катышуучулары Кыргызстандын калкын өлкөнүн бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактоого жана ынтымактуулукка чакырган кайрылуу кабыл алышты. Конституциянын жаңы редакциясынын колдонууга киришин колдогон митингдер Сузак, Базаркоргон жана Тогузторо райондорунда 18-февралда уюштурулгандыгын облустук бийлик органдары кабарлашты.

XS
SM
MD
LG