Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:14

ТАРЫХ ТАЗАЛЫГЫ ТУУРАСЫНДА


Тарых тазалыгы туурасында ар дайым адамзаттын көңүлүн бурдуртуп келген талуу маселе. Учурда кыргыз тарыхына жасалган мамиле ага мисал боло алат.

Эгемен республиканын адегендеги өкмөт башчыларынын бири Турсунбек Чыңгышевдин «азыр өлкөнү акмактар менен бекерпоздор гана уурдабайт» деп айтканы сыңары, бүгүн Кыргызстанда кыргыз тарыхына кызыкпаган жана аны эркинбей жазбаган адамдар калбай калды шекилди.

Мында айрыкча белгилей кетчү нерсе, кызыгуу, айтуу жана жазуунун ортосунда зор айрымачылык бар. Анда эмесе, адегенде кызыгуу эмне экендигин талдап көрсөк, жер жүзүндөгү жандыктын баардыгы курчап турган айлана-чөйрөдө кызыгат эмеспи. Бирок анда жүргөн кубулушту түшүнүү дарамети жалгыз адам баласына ыроолонгон. Илимпоздордун энчисине табият сырын ачып, аны адамзат кызыкчылыгына пайдалануу кызматы бөлүнгөн. Катардагы адам же изилдөөчү үчүн кызыгуу жаңы нерселерди үйрөнүп, аны өздөштүрүп коом пайдасына колдонууга маанилүү роль ойнойт. Эгер кызыкчылык чегинен чыгып кетсе, анда акылга сыйгыс фантасмагория жаралышы мүмкүн.

Бүгүн кыргыз тарыхын эрмектеген архитекторлор, комузчулар, жазуучулар жана айрым так илимдин өкүлдөрүнүн ашыкча кызыгуусунан тарых илиминин чалдыбары чыгып кетти. Балким, алар биз тарыхчы болбогондуктан кандай кааласак ошондой айтабыз деши мүмкүн.

Анда эмесе айтуунун маани-маңызын талдап көрсөк. Бизге тиешелүү темага ылайыктап, айтуунун түркүн түрлөрүн жалпылаштыруу жолу менен эки топко бөлүп алсак. Биринчиси - тарыхка тиешеси бар адистердин же илим адамдарынын көз карашы. Экинчиси - тарых илиминен алыс адамдын ой жоромолу. Ушул эки топко сырттан көз салган күндө дагы алардын ортосунда зор айрымачылык бар экендигин баамдайбыз. Ал түгүл биринчи топко кирген окумуштуулар да илимге болгон катышына жараша бир канча түргө бөлүнөт. Алардын айрымдары илим жолун төтөлөп илимпоз аталса, кээ бири көп окуп ой өрүшүн кеңейтип алган окумуштуу деңгээлинде кала берет. Ошондуктан тарыхтын айрым бир темасына айтылган илимпоз менен окумуштуунун сын көз караштарынын ортосунда зор айырма бар.

Мында айрыкча белгилей кетчү нерсе - илимде айтылбай купуя сакталган этика кабыл алынган. Ага ылайык башка илимдин өкүлдөрү эле эмес, кайсыдыр бир тарыхый доорго тиешеси жок тарыхчы адистик бөлөк мезгил боюнча изилдөө жүргүзүшү же көз карашын билдириши, ошол тема менен иштеген адистер үчүн маанилүү деп эсептелбейт, көңүл деле бурулбайт.

Албетте, эгер сын-пикирде илим үчүн өнүмдүү ой айтылса ал проблеманы терең изилдөөгө көмөк көрсөтөт жана ошол тема менен шугулданган илимпозго сенектиктен арылып, ой чабытын кеңейтип иштөөгө шыкак берет.

Өкүнүчтүүсү, кыргыз тарыхы боюнча мындай сын пикир айткан адистердин көз караштары азайып, айрым өкүмдүү ойлор тарыхка эч тиешеси жок «күйөрмандардын» чаржайыт жоромолдорунун тепсендисинде калып отурат. Азыр кыргызча теле-радио уктуруулардын кулагын бурасаң эле санжырачылар же жазуучулар, болбосо комузчулар шымаланып тарых айтып отурушат.

Мында тарыхты эле эмес, эч күнөөсү жок миңдеген адамдарды аяш керек окшойт. Антпесе, тарых «күйөрмандары» жер жүзүнө кыргызды жайылтып, көрүнгөн жерге итин үргүзүп, кыр-кырдагы кайыңга балта чапкызып бош жер калтырышкан жок.

Албетте, айрым кесиптештер коомчулукта кадыресе айтылып жүрчү сөзгө теригип эмне деши мүмкүн. Анткен менен элет жерине чыгып, эл менен баарлашсаң «кыргыз тарыхына 4700 жыл болуп, хунндар, ал түгүл байыркы шумерлер кыргыздар экен» дешет. Ойлорун бекемдеш үчүн кыргыз телесинен көрсөтүлгөн санжырачынын, же комузчунун көз карашын келтиришет. Ал адамдар өз айылында, болбосо бир үй-бүлөдө авторитет. Анын ою менен айылдаштары, эч болбоду дегенде мектеп жашындагы балдары эсептешет. Ошентип жаңылыш көз караш жаңыдан жан-дүйнөсү калыптанып келаткан өспүрүмдүн акылын уялап жалган пикир бир айыл, андан өлкө деңгээлине жайылат.

Мындай ойду даңазалап жүргөн «күйөрмандар» тарыхка кызыгып жана калпыс топтолгон көз караштарын айтып тим болбой, кыргыз тарыхы боюнча китептерди жазып жиберип атышат.

Балким академиялык билим алган адистер «аларга теңелип, алардын көз караштарын сындоонун кажети жок» деп айтышы мүмкүн. Анткен менен жазмакер «күйөрмандар» тарых туурасында жазып эле тим болбой, жаңылыш пикирин таңуулап, «бул маселе боюнча менин айтканым туура» деп илимпоз адистердин эмгегин жокко чыгарууга аракет көрө башташты. Ал түгүл алардын айрымдары илимий даражага талпынып көз караштарын мыйзамдаштырууга далалат көрүп жүрүшөт.

Кыргыз тарыхы, айрыкча анын байыркы жана орто кылымдагы мезгили жаңыдан телчигип келаткан илим тармагына кирет. Ага ашыкча кийлигише берүү эки жактуу коркунуч жаратышы мүмкүн. Биринчиден, кыргыз тарабы азыркы базар экономикасынын бардык муктаждыгын канааттандырган, киринди ойлордун жыйындысына айланса, экинчиден, мурдагы партиялык идеология талаптарына ылайык камчы чапкан, жогорку жактын көрсөтмөлөрүн жактаган кол жоолук кызматын аткарышы толук ыктымал.
XS
SM
MD
LG