Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:01

МАНИФЕСТАЦИЯЛАРДАН МАЙНАП БОЛОБУ?


Өткөн ишембиде дүйнөнүн алтымыштан ашуун өлкөсүндө Ирактагы согушка каршы массалык манифестациялар болуп өттү. Демонстрацияларга катышкандардын жалпы саны, болжолдуу эсептер боюнча, он миллион адамдан ашты. Байкоочулар Вьетнамдагы согуштан бери дүйнө мындай акцияларды көрө элек болчу дешет. Бирок бул демонстрациялардын таасир-таалими кандай болот, алардан олуттуу натыйжа чыгабы? Массалык акциялар Иракка каршы согушка камданып жаткан өкмөттөрдүн пландарын өзгөртө алабы?

Ишемби күнү бир эле Лондондун көчөлөрүнө бери дегенде 750 миң, ары дегенде эки миллионго чукул киши чыкты дешет. Дүйнөнүн алтымыштай өлкөсүндө болуп өткөн массалык демонстрацияларды комментариялап, Берлинде чыгуучу “Тагесцайтунг” гезити алардын баары америкалык администрацияга өзгөчө деле таасир көрсөтө албай тургандыгын белгилейт. Европалык лидерлерге болсо,гезиттин пикиринде,коомчулуктун маанайы менен кантсе да эсептешкенге туура келет.Германиялык оңчулдарга, мисалы, канцлер Герхард Шрөдөрдү антиамерикалык саясаты менен изоляцияда калды деп айыптаганга эми бир топ эле кыйын болмокчу.Массалык манифестацияларды мадриддик “Мундо” гезити Испаниянын премьер-министри Хосе-Мариа Аснарга да “күтпөгөн иш” болду деп эсептейт. “Мундо” демократиялык мамлекеттин лидери коомчулуктун пикири жагабы-жокпу, буга карабастан ага этибар бербей кое албай тургандыгын эске салат. Ал эми Франциянын президенти Жак Ширакты, айрым баяндамачылардын пикиринде, ишемби күнкү акциялар биротоло “тынчтыктын туткунуна” айлантты. Буга чейин Жак Ширактын кааласа Вашингтонго каяша кылганга, кысталыш учурда анын талабын кабыл алганга мүмкүндүгү бар эле. Эми мындай саясий маневрлер үчүн француз президентинде кеңири мейкиндик калган жок. Айрым комментаторлор жадесе британ премьери Тони Блэрдин сөздөрүндө ушу тапта эле мунасалуу апаздар угула баштады дешет. Британдык “Индепендент” гезити өзүнүн баш макаласында Ирактагы согуш канчалык ыкчам жана жеңиштүү бүтпөсүн, Блэр эң башкы соболго жооп бере электигин белгилейт. Атап айтканда, Кошмо Штаттары эл аралык мыйзамдарды тоготпой, дүйнөлүк коомчулуктун, глобалдык институттардын пикирин эске албай,алардын баарын алмаштыргысы келген державага айланып баратканда жер жүзү кантип коопсуз боло алат?-деп собол коет газета. Ишембидеги демонстрациялар,“Индепенденттин” баасында,өтө байистүү мүнөздө өттү, бирок эмки жолку акциялардын жаалы мындан катуу болушу мүмкүн.

Британ премьери Блэр өзү деле жаман атка калып, аброюна күпүр-күдүң сөз илештиргенди каалабайт. Бирок кээде саясий лидерге өз ишеними үчүн ушундай кун төлөгөнгө да туура келет. “Ишемби күнкү массалык демонстрацияларга катышкандардын камтамачылыгын түшүнөм, алардын пикирине кулак төшөгөнгө мен милдеттүүмүн,-деп айтты Блэр. - Бирок демонстранттар төрт миллиондой ирак качкындарынын пикирине да кулак кагышы керек”. Блэр эч ким согушка ашыгып жатпагандыгын,тескерисинче, дүйнөлүк жамаат он эки жыл сабылып,сабыр кыла күткөндүгүн,акыры былтыркы жылы ноябрда Саддам Хусейнге эң соңку мүмкүндүк берилгендигин эске салды.Бирок ал муну да пайдаланган жок. Блэр Иракка каршы согуш баштоого туура келсе,бул үчүн ООНдун санкциясы керек болорун белгиледи.

Британдык “Таймс” гезити өткөргөн иликтөөдө аныкталгандай,өлкөдөгү калктын 86 процентке жакыны Иракта инспекторлорго дагы убакыт берилиши зарыл деп эсептейт экен. Бирок гезит ишембидеги демонстрацияларды Саддам Хусейндин көөлүсүнө суу куйган акция катары баалады. Эгер бул чын эле тынчтык маршы болсо,анда манифестацияга чыккандар эмне үчүн Саддамдын атына бир да сөз айтышкан жок?-деп таңданат газета. Бул ойду консервативдүү маанайдагы “Дейли телеграф” да колдоду. Кокус манифестацияга чыккандар максатына жетип,Блэр британдык аскерлерди согушка жөнөткөндөн айнып,ал эми президент Буш пландарынан баш тартса эмне болот? Мындан Саддам Хусейндин гана кыбаасы канат, дүйнөдөгү диктаторлордун зоболосу көтөрүлүп, демократтардын ындыны өчөт,деп белгилейт “Дейли телеграф”.

Иракка байланыштуу дүйнөдө түзүлгөн кырдаалга атактуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов да “Московские новости” гезитинде жарыяланган интервьюсунда учкай токтолуп өттү. Жазуучунун пикирине ылайык, эки тараптын позициясы тең гуманитардык доктринага төп келбейт, анын кризисин тереңдетет.Бир жагынан Кошмо Штаттары Иракка сокку ургандан башка арга калбады деп эсептесе,экинчи жактан буга Багдаддагы режим өзү такай жүйөө берип жатат. Мындан тышкары Айтматовдун оюна ылайык,азыр дүйнөдөгү диндер да чомочосун көтөрө баштады.Мунун баары глобалдык кырдаалды кыйгылдантканга кошумча болуп жатат.
XS
SM
MD
LG