Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Нарын АЙЫП, Прага Өткөн аптада Бириккен Улуттар Уюму Ирак маселесин талкуулап, эл аралык инспекция бул өлкөдө дагы улансын деп чечкенге карабай, Америка Кошмо Штаттары жана Улуу Британия азыр - Коопсуздук Кеңешинин экинчи резолюциясынын долбоорун даярдоодо. Долбоорго ылайык, Иракка каршы согуш баштоого Бириккен Улуттар өз макулдугун берүүгө тийиш, бирок бир топ дүйнө мамлекеттери ага каршы чыгууда.

14-февралдагы талкуу Бириккен Улуттардын 15 гана өлкөсү мүчө болгон Коопсуздук Кеңешинде өткөн жана Америка Кошмо Штаттары менен Улуу Британиянын талаптарына карабай, Кеңеш Алмания менен Франциянын сунушун колдоп, эл аралык текшерүүчүлөр өзүнүн Ирактагы ишин дагы улантсын деген чечимге келген. Жыйын өткөндөн кийин, Коопсуздук Кеңешине кирбеген өлкөлөрдүн өкүлдөрү да Бириккен Улуттардын жетекчилигине кайрылып, Ирак маселеси боюнча кеңири талкуу өткөрүүнү талап кыла баштады жана 18-февралда Нью-Йоркто андай талкуу башталды.

Ирак маселеси боюнча АКШнын катуу турумун Австралия менен Жапония гана толук колдоду жана Аргентина менен Перунун өкүлдөрүнүн айтымында, Ирак өз милдеттенмелерин аткарбаса, ага каршы күч колдонуш керек. Бирок Араб Лигасы, Европа Биримдиги жана Саясий блокторго кошулбаган өлкөлөрдүн кыймылы маселени азырынча тынчтык ыкмалары менен гана чечүүгө аракеттениш керек деген пикирди айтты.

Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 191 өлкөнүн бир жүз он беши азыр эч саясий блокко кирбейт жана алардын атынан Түштүк Африка Жумуриятынын өкүлү Думисаи Кумало сүйлөдү. Анын айтымында, 14-февралда инспекторлордун башчысы Ханс Бликс билдиргенге караганда, текшерүү иштери жүрүп жатат жана акыркы мезгилде инспекторлор менен Ирак өкмөтү ортосундагы кызматташуу бир кыйла жакшырды: "Азыркы күнгө карата бизге берилген маалыматтарга таянсак, анын бири дагы - текшерүүлөрдү токтотуп, Коопсуздук Кеңеши катуу чараларды көрүш керек деген чечим кабыл алууга негиз бербейт".

Ирандын өкүлү Жавад Зарифтин айтымында, эгер Иракка каршы согуш ачылса, региондо аягы эмне менен бүтөөрү белгисиз окуялар башталышы мүмкүн. Мисал үчүн, Ирактын азыркы жетекчилиги кулатылып, анын ордуна өлкөдө Батыш өкүлдөрүнөн турган аскерий башкаруучулук киргизилсе, ал азыркыдан да күчтүү бейстабилдүүлүккө алып келиши мүмкүн: "Ноябр айында кабыл алынган резолюция - инспекция эмес, куралсыздануу жөнүндө экенин биз түшүнөбүз. Бирок, биздин оюбузча, инспекторлор өз ишин улантууну каалап жатса, ага каршы чыгып, кандай кесепеттерге алып келиши белгисиз болгон аскерий аракет баштоого эч негиз жок".

Бирок Бириккен Улуттарда айтылган андай сынга АКШ президенти Жорж Буш ошол эле 18-февралда жооп берип, Иракка каршы согуш баштоого биринчи резолюция эле жетиштүү деп билдирди: "Экинчи резолюция кабыл алынса, ал пайдалуу болот, бирок анын бизге кереги жок. Биринчи резолюцияны аткарууга да Саддам Хусейн эч кандай аракет жасабаганы белгилүү. 1441-резолюцияны ал толугу менен четке кагууда, бирок биз ага карабастан, өз өнөктөрүбүз менен кызматташып, экинчи резолюция кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрөбүз. Азыр биз ошонун үстүндө иштеп жатабыз".

Америкалык жана англиялык жетекчилер мурда көп жолу айтканга караганда, алар Иракка каршы согушту Бириккен Улуттардын колдоосусуз деле ача алат. Бирок акыркы мезгилде согушка каршы британ эли да каршы чыга баштады, ошондуктан, Бириккен Улуттар экинчи резолюция кабыл алып, согуш баштоону жактырса, ан үчүн жоопкерчилик дүйнөлүк коомчулукка өтөт. Бириккен Улуттардагы талкуу дагы эле улантылууда.
XS
SM
MD
LG