Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

МУРДАКЫ СОВЕТТИК АРМЕНИЯНЫН ЛИДЕРИНИН УУЛУ ӨЛКӨ ПРЕЗИДЕНТТИГИНЕ ТАЛАПКЕР


Шаршемби күнү Арменияда жалпы элдик шайлоо өттү. Байкоочулардын айтымында, Президент болууну каалаган тогуз талапкердин төртөөсү гана экинчи айлампага чыгышы мүмкүн. Башка талапкерлердин иши жөнүндө кабары аз шайлоочулар Армениянын экономикасынын акыркы жылдардагы ылдам өсүүсүнө байланыштуу Президент Роберт Кочаряндын экинчи беш жылга бийликте калуусун жакташы ыктымал дешет жергиликтүү байкоочулар.

Бир ай илгери Президент Роберт Кочарянга тең чыкчу атаандаш жоктой көрүнгөн. Көпчүлүк постсоветтик өлкөлөрдөй эле, Арменияда да бийликке өз пикирин ачык айткан адамдар үчүн өкмөттүк телеканалдар менен гезиттер жабык. Бийлик башындагы жеке адамды тейлөөгө ылайыкталган система өзү да президенттен башка күчтүү саясатчы же жетекчинин болуусуна жол бербейт, өстүрбөйт да. Ага карабай, шайлоо өнөктүгү оппозициячыл саясатчылардын эл менен шайма-шай кездешүүсүнө өбөлгө түзүп, элге тандоо мүмкүндүгүн берет.

Андай жолугушуулардын натыйжасында Президент Кочарянды ээрден ала түшкөнгө жарагыдай төрт талапкер иргелип чыкты. Алардын эң көрүнүктүүсү-Армения элдик партиясынын башчысы Степан Демирчян. Ал Советтик Арменияны 1974-88-жылдарда башкарган жана төрт жыл мурда өлкө парламентинде болгон террордук кол салууда өлгөн Карен Демирчяндын уулу. Карен Демирчян 1998-жылкы президенттик шайлоодо бир аз гана добуш менен Роберт Кочарянга уттуруп койгон.

Карыя мугалим Нора Мкртчян апа Степан Демирчянды колдоочулардын бири:

- Мен 1998-жылы Карен Демирчян үчүн добуш бергенмин. Эми уулу Степанга добушумду берем. Биз Армениянын чыныгы патриоту президент шайлануусун каалайбыз.

К. Демирчян кезинде Армения алдыңкы өнөр жайлуу республикага айланган. Ошондуктан, улуу муундун өкүлдөрү өмүрү мезгилсиз үзүлгөн Карен Демирчянды урмат кылган улуу муун, маркумдун 43 жаштагы уулу Степан үчүн добуш беришет дешет калктын маанайын жакшы билген талдоочулар.
Башка бир күчтүү талапкер - мурдакы вице-премьер-министр Вазген Манукян:

- Бир кыштактан экинчи кыштакты кыдырып жүрүп, Кочарянды колдогон адамдар өтө аз экенин көрдүм. Кочарян биринчи айлампада фальсификацияга барбаса, анын жеңип чыгарына ишенбейм. Анын жеңип чыгышы мүмкүн да эмес.

В. Манукян оппозициячыл Улуттук-демократтык союздун лидери.
1998-жылкы президенттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөн. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар тобунун башчысы Питер Айхердин (Peter Eicher) сөзүнө караганда, оппозиция өкмөттү түрдүү тараптан сынга алып, кимдин ким экенине шайлоочулардын көзүн ачты. Алардын тандоо мүмкүндүгү кенен. “Бирок, Кочаряндын бийлик аппаратын ашыра пайдаланып жатат деген маалыматтар түшүүдө. Андай мүмкүнчүлүк башка эч бир талапкерде жок” деген П. Айхер кабарчылар менен болгон жолугушууда.

Еврокеңештин парламенттик ассамблеясынын төрагасы лорд Рассел-Жонстон ( Russel-Johnston) шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө шайлоо учурунда мурдакындай калпыстыктарга жол берилбейт деген каалоосун айтып, “Армения демократиянын жолуна чындап түшкөнүн Европага көрсөтөт деген үмүттөмүн” деди. Лорд Рассел-Жонстон өткөн президенттик шайлоо учурунда эл аралык байкоочулар тобун жетектеген.

Байкоочулардын айтымында, шайлоо оркойгон мыйзам бузуулар менен өтпөсө, Р. Кочаряндын саясый абрюн дагы бекемдеп, анын мерчемдеген ойлорун ишке ашыруу жеңил болот; Армениянын Европа менен кызматташуусу жакшырып, Армения талаштуу Тоолуу Карабак чатагын европалык саясый институттардын жардамы менен өзүнө ыңгайлуу шартта жөндөөгө мүмкүндүк алмак.

Роберт Кочарян шайлоо калыс жана адилет өтөт деп ырастоодо жана атаандаштарга караганда менин жеңип чыгуу мүмкүндүгүм чоң деген ишенимде. Анын жеңишке болгон ишеничи соңку эки жылда Армениянын экономикасынын ылдамдап өсүүсүнө байланыштуу. Айтсак, былтыр ички дүң продукция 13 процентке өсүп, тышкы соода 50 процентке көбөйгөн. Өткөн жумада Эл аралык валюта фондусу Армениянын экономикалык өсүүсүнө мыкты деген баасын берген.

Бирок, ырасмий маалыматтар боюнча, өлкөдөгү 3,3 миллион элдин теңинен көбү жакыр жашайт. Байлар менен жардылар арасындагы ажырым ылдам өсүүдө. Акыркы жылдары болгон 30га жакын саясый адам өлтүрүүнүн бири да ачылбаган. Ошентсе да, Президент Р. Кочаряндан башка талапкерлердин ишинен бейкабар шайлоочулар “көнүп-билип калган адамыбыз, башка бирөө келсе дагы эмне өзгөрүүлөр болуп кетет” деген маанайда, Кочарянды дагы беш жылга шайлап коюшу да ыктымал. Шайлоо алдында көз карандысыз уюмдар өткөргөн сурамжылоо Р. Кочарян эл арасында негизги төрт атаандашына караганда бир кыйла популярдуу экенин көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG