Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Чүй облустук администрациясы белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыкка конкурс жарыялады


БИШКЕК. Чүй облустук мамлекеттик администрациясы жана дубандын маданият башкармалыгы кыргыздын белгилүү театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыкка конкурс жарыялады. Ага сахнада эң мыкты образ жараткан театр өнөрүндөгү актрисалар катыша алышат. Республикалык конкурска катышуучу талапкерлер өздөрү иштеген театрдын көркөм кеңеши, маданият башкармалыгы жана коомдук чыгармачыл уюмдардын жамааты тарабынан көрсөтүлөт. Атайын түзүлгөн комиссия конкурстун жыйынтыгын 27-мартта Эл аралык театр күнүнө карата чыгармакчы. Конкурста жеңип чыккандарга атайын төш белги жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Айданбек Акмат уулу жана Бүбүкан Досалиева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG