Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Таласта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши талкууланды


ТАЛАС. АКШнын ЮСАИД агенттиги Урбан институт менен чогуу өткөргөн семинарда Талас облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши талкууланды. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун концепциясы» деп аталган семинар, «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын демилгеси менен өткөрүлдү. Семинардын ишине өрөөндөгү бейөкмөт уюмдар менен жамааттык бирикмелердин жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, укук коргоочулар, аялдар кыймылынын лидерлери катышты. Анда айтылгандарга караганда, өрөөндөгү 37 айылдык, 4 райондук кеңештин, андагы депутаттардын ролу дээрлик жокко эсе. Анткени, Талас шаардык мэриясы өз алдынча башкаруу органы болгону менен, өз бюджетине ээ болуп, ага кожоюндук кыла албайт.

XS
SM
MD
LG